“Хезболлах” менен Сирия армиясы жихадчыларга каршы чабуулга өттү

"Хезболлахтын" медиа-кеңсеси жихадчыларга каршы согуштук операциянын сүрөттөрүн жарыялады.
Image caption "Хезболлахтын" медиа-кеңсеси жихадчыларга каршы согуштук операциянын сүрөттөрүн жарыялады.

Ливандын "Хезболлах" аскердик тобу менен Cирия армиясы биргелешип, Cирия-Ливан чек арасындагы жихадчыл согушкерлердин позициясына чабуул коюшту. Башка бир кабарларда согушкерлер чон жоготууга учурап чегинип жатканы айтылат.

Телеканалдагы жаңылыктардан Ливандагы Арсан провинциясынан артиллериялык сокку уруп жатышканын көрүүгө болот.

"Риа-новости" жаңылыктар агентигинен келген кабарларда, "Хезболлахтын" жоокерлери менен сирия армиясы жихадчыларрды Флита тоолуу районундагы Тель-буркан дөбөсүнөн сүрүп чыгарып жатышканы айтылууда.

Чоң жоготууга учураган согушкерлер капчыгайды көздөй тереңдеп чегинүүдө.

Бул райондо "ИМ" экстремисттик тобуна жана "Аль-Каида" менен байланыштагы аль-Нусра тобуна тийиштүү миңдей согушкер бар деп жатышат.

Ливандын аскердик уюмунун жоокерлери Канзах жана Кария талаасы багытында чабуулду улантышууда.

"Хезболлах" жума күнү эртең менен Ливан-Cирия чек арасындагы тоолуу Эрсал районунда бекинип алган Жебхат аль-Нусра тобуна каршы согуштук операция башталганын жарыя кылды.

Чабуул эки тараптан бир учурда башталды. Биринчи багыты Сириянын ичиндеги Флита тараптан, экинчиси Ливандын аймагынан болуп жатат.

Ливандын премьер-министри Саад Харири шейшембиде өкмөт ливан армиясынын Эрсал районунда масштабдуу согуштук операция өткөрүү чечимин колдой турганын билдирген.

Бирок ошол эле учурда Харири ливандыктардын аракети сириялык аскерлер менен координация болбойт деп белгилеген, анткени маселе Ливан аймагындагы операцияга гана тийиштүү болмок.

Image caption Ливан-Сирия чек арасындагы тоолуу аймактагы дөбөлөрдө жихадчыл согушкерлер көптөн бери бекинип жатышат.

Хезболлахтын лидери Хасан Насрулла дагы Эрсал чек ара районунда күч колдонууга туура келерин согушкерлерге эскертип, аларды Ливан аймагынан чыгып кетүүгө чакырган.

Эрсал тоолуу району азыркы күндө Ливан-Сирия чек арасындагы кырдаал эң чыңалган жер болуп саналат. Согушкерлер бул жерди Сирияга курал жана жаңы күчтөрдү аткезчилик менен алып өтүү үчүн пайдаланып келатышат. (KC)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар