Иорданиядагы Израиль элчилигине кол салууда курмандыктар бар

Азырынча эч кандай расмий маалымат жок Сүрөттүн автордук укугу GETTY IMAGES
Image caption Азырынча эч кандай расмий маалымат жок

Иорданиянын бир жараны өлтүрүлдү, дагы эки киши – Израиль менен Иордания жарандары жаракат алды. Израилдин Аммандагы элчилигине кол салуу болду.

Маалыматтарга караганда жарааттан мерт кеткен жана жаракат алган эки иорданиялык тең эмерек компаниясында иштечү, ок чыгаруу башталаар алдында гана элчиликке киришкен экен.

Окуянын чоо-жайы белгилүү боло элек, кол салуунун себеби да белгисиз.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Иорданиялыктар Чиркөө тоосундагы мечиттерге чектөөгө каршы акцияга чыгышты

Аммандагы Израиль элчилиги эл жашаган үйдө жайгашкан. Азыр коопсуздук күчтөрү аны курчоого алды, кызматкерлери көчүрүлдү.

Израиль бийлиги окуяга комментарий берген жок жана анын чоо-жайын маалымат каражаттарына чыгарууну чектеди.

Окуя катталган жерге жакын жүргөн Би-Би-Синин кабарчысы маалымдагандай, элчиликтин айланасындагы бардык көчөлөр курчоого алынды, бирок бийлик азырынча эч кандай маалымат бере элек.

Израиль менен Иордания 1994-жылы тынчтык елишимине кол коюшкан.

Акыркы күндөрү Израиль бийлиги Чыгыш Иерусалимдеги Чиркөө тоосунда коопсуздук чараларын күчөткөндөн бери эки мамлекет арасындагы мамиледе чыңалуу пайда болду.

Жума күнү миңдеген иорданиялыктар Израиль бийлигинин Иерусалимдин Эски шаарына баратканда металл издөөчүлөрдү орноштуруу чечимине каршы Амманда демонстрацияга чыгышты.

14-июлда Израиль бийлиги Чкирөө тоосундагы мечиттерге барууну кескин чектеди. Ал мечиттерден эки израилдик араб чыгып, эки израилдик полиция кызматкерин атып салган эле.

Палестиналыктар металл издөөчү жабдыктарды алып салууну талап кылууда. (АК)