Лондон: учактын эшигин ачууга аракет кылган адам кармалды

Учак жерге конгондо полиция аны алгач алган жаратынан улам ооруканага алып барып, кийин сурак үчүн алып кетти Сүрөттүн автордук укугу Luton Airport
Image caption Учак жерге конгондо полиция аны алгач алган жаратынан улам ооруканага алып барып, кийин сурак үчүн алып кетти

Лондонго учуп бараткан Wizz Air авиакомпаниясына тиешелүү учактын жүргүнчүсү авариялык эшикти ачууга аракет кылып, бирок аны токтотуп калышкан.

Лондон Лутон аэропортуна окуяны териштирүү үчүн полиция жетип келди. Бул киши учак жана жүргүнчүлөр үчүн коркунучтуу абал жараткан деп кармалды.

Ал жыйырма жаштагы польшалык жигит экени айтылууда.

Учактын айрым жүргүнчүлөрүнүн Би-Би-Сиге билдиришинче, авариялык эшикти ачууга аракет кылган жигиттин максаты ишке ашкан эмес, себеби башкалар ага жолтоо болушкан.

"Ал авариялык эшикке жабышып эле, ачууга аракет кылды. Жанында отурган аял абдан коркуп кеткени билинип турду. Кийинки катарларда отурган үч жигит келип, аны полго жаткырып, үстүнө отуруп алышты",-деди жүргүнчүлөрдүн бири.

Экипаж мүчөлөрү болсо бул жигиттин колун коопсуздук кемери менен байлап салган.

Учак жерге конгондо полиция аны алгач алган жаратынан улам ооруканага алып барып, кийин сурак үчүн алып кетти. (ErA)