Трамптын күйөө баласы сенатта: “жашыра турган эч нерсе жок”

Жаред Кушнер анда болгон баардык маалыматтарды бергенин айтты Сүрөттүн автордук укугу RONALD GRANT
Image caption Жаред Кушнер анда болгон баардык маалыматтарды бергенин айтты

Иванка Трамптын жолдошу жана президенттин кеңешчиси Жаред Кушнер сенаттагы угууда Орусия менен кандай гана байланыш болбосун, баарын четке какты. Ал ошондой эле кайын атасынын үгүт өнөктүгү учурунда жасады делген мыйзам бузууларды да мойнуна алган жок.

АКШ конгрессинин жогорку палатасы Орусиянын шайлоо жараянына таасирин иликтеп жатат.

Кушнер Трамптын шайлоо штабынын жетекчилеринин бири болчу. Ал иш-аракеттери туура болгонун билдирди жана Орусия менен байланышын четке какты.

Иванка Трамптын 36 жаштагы жолдошу президенттин улук кеңешчиси кызматын ээлейт. Шайлоо алдында ал үгүт өнөктүгүнүн интернет стратегиясына жоопкерчиликтүү болгон.

Ак үйдөгү комитеттин угуусунан кийин андан сурашкан бардык маалыматты бергенин билдирди.

Басма сөзгө чыгуудан качкан Кушнер шейшембиде өкүлдөр палатасынын ушул өңдүү жыйынында да сүйлөш керек.

Кушнер Орусия менен эч кандай атайын бүтүмгө барышпаганын, орусиялык саналуу гана адамдар менен байланышканын билдирди. Ага Хиллари Клинтонго каршы компроматтарды эч ким бербегенин экенин айтты.

Өз убагында Дональд Трамп дагы Москва менен бүтүмдү четке кагып келет. Орусия дагы америкалык шайлоого катыштыгын танууда.

(АК)

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Трамптын уулу россиялык юрист менен эмнеге жолуккан?

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар