Жапон премьер-министрине ишенбегендер көбөйдү

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Бул күндөрү премьерди ыңгайсыз жана оор суроолор парламентте күтүп турат

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэнин рейтинги төмөндөп жатат. Соңку сурамжылоодо аны колдогондор 30 пайызга чейин түшүп кеткен.

Бул аптада премьерди ыңгайсыз жана оор суроолор парламентте күтүп турат. Абэ эски досуна жардам берүү үчүн “өзүнүн таасирин колдонгон” деген айыптоолор да бар. Премьер-министр өзүнө коюлган айыптоолорду четке какканы менен, анын дарегине көптөн бери айтылып жаткан айыптоолор Абэнин келечегине олуттуу таасир этиши мүмкүн деп айткандар болууда.

Абэни сындагандардын билдиришинче, премьер-министр кызмат абалынан пайдаланып, досунун жеке ветеринардык мектеп ачуу үчүн уруксат алуусуна жардам берген. Билим берүү министрлигинде иштеп кеткен чиновниктин айтымында, уруксат кагазы Абэнин жардамчысынан басымы алдында берилген.

Синдзо Абэге мындан башка иштер боюнча дагы айып таккандар көп.

Бирок премьер-министр парламентте булардын баарын жокко чыгарат деп күтүлүүдө. Ал буга чейин эле досуна кандайдыр бир артыкчылык берүү жөнүндө маалыматтарды четке каккан болчу.

Учурдагы өкмөт башчынын тегерегиндеги чуулгандуу иштер анын эмки шайлоодо премьерликке келүүсүнө жолтоо болобу деген суроолорду Жапониянын маалымат агенттиктери берип жатат.

Министрлер кабинетинде болсо жакынкы күндөрү орун алмашуулар болушу мүмкүн деп айтылууда.

Бул Абэнин саясаттагы биринчи кризиси эмес. Ал 2006-2007-жылдары кыска убакытка премьерлик кылып, 2012-жылы кайрадан Жапониянын экономикасын көп жылдык каатчылыктан чыгарам деген убада менен келген эле. (ErA)