Швейцария: моторлуу араа менен кол салган киши кармалды

Сүрөттүн автордук укугу Swiss Police
Image caption Шектүү боюнча полициянын элге тараткан сүрөтү

Шаффхаузен шаарында элге моторлуу араа менен кол салган деп шектелен киши ири рейд учурунда кармалганын полиция билдирүүдө.

Элүү жаштагы Франц Врусис окуя болгон жерден 60 км.алыстагы Тальвиль шаарында кармалды. Врусис буга чейин токойдо жашап, мыйзамсыз курал алып жүрүү боюнча соттолгон деп айтылууда.

Аны издөө үчүн тик учак жана атайын даярдыктан өткөн иттер менен жүздөн ашык швейцариялык жана германиялык полициялар тартылган.

Врусистин кармалганы жөнүндө кеңири маалыматтар таратылган жок, бирок жергиликтүү журналисттер бул тууралуу жакынкы мезгилде полиция маалымат жыйынын өткөрөт деп кабарлады.

Шектүү киши дүйшөмбүдө жергиликтүү саат боюнча 10:40 аралыгында Шаффхаузен шаарында адамдарга моторлуу араа менен кол салган. Андан улам бир киши олуттуу жараат алып, ага ооруканада операция жасалганы кабарланды.