Франция токойлорундагы өрт: он миң адам эвакуацияланды

Дүйшөмбүдөн бери төрт миңден ашык өрт өчүрүүчүлөр учактын жардамы аркылуу тилсиз жоо менен күрөшүүдө Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty Images
Image caption Дүйшөмбүдөн бери төрт миңден ашык өрт өчүрүүчү учактын жардамы аркылуу тилсиз жоо менен күрөшүүдө

Франциянын түштүгүндө шаршембиге караган түнү миңдеген гектар токой өрттөнүп, он миңдей адамды бул жактан алып чыгып кетишти.

Борм-ле-Мимоза аймагындагы өрттү өчүрүүгө жүздөгөн куткаруучу жана өрт өчүргүчтөр тартылды. Өрт чулгаган аймак төрт миң гектар деп айтылууда.

Мындан улам Франция Евробиримдикке жардам сурап кайрылды. Корсика бийлигинин маалыматына караганда, Италиядан бир учак жардамга келди.

“Жайында бул жакта элдер эки-үч эсе көп болот. Өрт улам жайылган сайын кеминде он миң адам бул аймактан чыгып кетүүгө мажбур болду”,- деп билдирди өрт өчүрүүчүлөр.

Дүйшөмбүдөн бери төрт миңден ашык өрт өчүрүүчү учактын жардамы аркылуу тилсиз жоо менен күрөшүүдө. Кеминде 12 кызматкердин жараат алганы айтылууда. Андан тышкары 15 полиция кызматкери түтүн ичинде калып, медициналык жардамга кайрылды.

Европа ушул күндөрү кургакчылыкты баштан өткөрүүдө. Мисалы Италияда жана Ватиканда суу таңкыстыгынан фонтандар иштебей турат.(ErA)