Порошенко Саакашвилини жарандыктан ажыратты

2015-жылдын 30-майында Петро Порошенко Михаил Саакашвилини Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган болчу Сүрөттүн автордук укугу ZUMA Press/TASS
Image caption 2015-жылдын 30-майында Петро Порошенко Михаил Саакашвилини Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган болчу

Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили украин жарандыгынан ажыратылсын деген Порошенконун жарлыгын мамлекеттик миграция кызматы сайтына жарыялады.

Украина президентинин бул тууралуу жарлыгы өзүнүн расмий сайтына чыккан жок.

Өткөн жылы губернатор кызматынан кеткен саясатчы Петро Порошенкону катуу сындаган эле. Украина парламентинин депутаты Игорь Мосийчук өзүнүн фейсбуктагы баракчасына “Саакашвилинин жарандыктан ажыратылганы - президент Порошенконун акыры өз каталарын мойнуна алып баштаганы” деп жазды.

"Страна.ua" басылмасынын маалыматына караганда, Михаил Саакашвили Украина жарандыгын алуу үчүн документтерин тапшырып, анда жалган маалыматтарды бергендиги буга себеп болгон. Грузияда өзүнө карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу издөөдө жүргөнүн Саакашвили айткан эмес.

Саакашвили кантип украин жарандыгын алган?

2015-жылдын 30-майында Украина президенти Петро Порошенко мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвилини Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган болчу.

Ошондо Михаил Саакашвили Би-Би-Сиге берген интервьюсунда, грузин атуулдугунан баш тарткан себибин өз мекенинде аны абак күтүп турганы менен түшүндүргөн.

"Чындыгында мен грузин паспортун сактап калсам, Грузияда абакка кесилүүдөн башка жолум жок эле. Мен өзүмдүн айыпкер деген статусум менен Грузиянын аймагынан тыш жактарда жашоого аргасызмын”, -деген эле Саакашвили.

Ал президент Петро Порошенконун кеңешчиси, Украинадагы реформа боюнча эл аралык байкоо кеңешинин төрагасы болчу. Саакашвили Одессада радикалдуу реформа жүргүзүү убадасы менен келген. Бир катар эксперттер иш жүзүндө ал реформа жасай алат деп баа беришкен.

Бирок көп өтпөй Киев менен келишпестиктер орун алды. 2015-жылдын декабрь айында ошол учурдагы өкмөттүн башчысы Арсений Яценюк менен Саакашвилинин ортосунда ачык эле тирешүү болду. Саакашвили Яценюкту коррупция боюнча, өкмөттүн натыйжасыз иш-аракеттери, реформанын дайыны болбой жатканы туралуу сындап чыкты.

Андан соң президенттин көз алдында ИИМ жетекчиси Арсен Аваков Саакашвили менен жыйында жаңжалдашып, суу чачып жиберген окуя орун алды. Мындан соң Саакашвили мыйзамсыз куралдуу топ түзгөн деп Аваковду күнөөлөп чыкты.

Тбилиси Саакашвилиге козголгон кылмыш иштерине байланыштуу аны мекенине экстрадициялоо талабын билдирип келүүдө. Ал өзү айыптоолордун негизсиз экенин айтып, четке кагып жүрөт. (ErA)