Чектөө көп Кытайда интернетти кантип колдонушат?

Мисалы, Google издөө системасынын Кытай версиясы гана ачылат Сүрөттүн автордук укугу GETTY IMAGES
Image caption Мисалы, Google издөө системасынын Кытай версиясы гана ачылат

Орусиянын Федералдык Кеңеши анонимайзерлерди, VPN жана Tor, ошондой эле мессененжерлерди көзөмөлдөй турган мыйзамды колдоду. Ал дээрлик бир добуштан колдоо тапты.

Анонимайзерлер – анын жардамы менен тыюу салынган сайттардын “кулпусунун” жандырмагын таба турган серверлер. VPN серверлер жана жашыруун Tor тармагы болсо интернетте көрүнбөй жүрүүгө жардам берет. Мыйзам ушул жылдын 1-ноябрь айында күчүнө кирет.

Мындай тыюуалар Кытайда көп жылдан бери бар, бирок жашоочулардын көпчүлүгү аларга керек маалыматты баарибир алышат. Мындай тыюуларга карабай, кантип интернетти колдонуп жатышканы тууралуу биз Би-Би-Си Мониторинг кызматынын Кытай ЖМКсы боюнча аналитиги Керри Аллен менен Би-Би-Си Кытай кызматынын редактору Хауард Жангдан сурадык.

Керри Аллен

Азыр кытайлыктардын, айрыкча жаштардын дүйнө жүзүнө саякаттоо жана англисчени үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар. Андыктан көбү чет жердик сайттарды, ошол эле учурда жаңылык сайттарын да окуп калышты.

Алар чет жерге барышат, чет элдиктер менен таанышат жана башка мамлекеттерде, мисалы, АКШда ЖМКга жетүү ачык экенин көрүшөт. Ал жакта, мисалы, Кытайда жабык болгон Фейсбук ачык.

Чет жерде жүргөндө алар VPN тууралуу угушат, Кытайга барып, мисалы, студенттерден маалымат чогулткан адистер менен сүйлөшүшөт, бул сервистерди колдонгонду үйрөнүшөт. Маалыматтын көп бөлүгүн башка адамдардан жеке сүйлөшүү учурунда алышат.

Бир канча убакыт мурда, цензура кылгандар байкабай жүргөндө VPN колдонулчу. Аны кытай Google издөө системасында таап, оңой эле жүктөп алышчу. Бирок цензура кылгандар, албетте, мындай тейлөөлөргө байкоо салып, жаап турушту.

Кыскасы, аларды улам таап, “кулпулаган” сайын жаңылары пайда болууда. Анткени бул боюнча атайын топтор иштешет. Алардын көпчүлүгү чет жерде, көбүнө АКШ бийлиги жардам берет.

Акыркы айларда Кытай бийлиги анонимайзерлер менен катуу күрөшүүдө, бүтүндөй бир өнөктүк башталды. Абдан көп VPN “кулпуланууда”. Жада калса, Кытайга убактылуу киргенде маалымат чогултуу үчүн келген чет жердик адистер акчасын төлөсө да жабылууда. Адам келип эле тейлөө иштебегенин көрөт. Азыр бул катаал. Бирок жаңы сунуштар пайда болот.

Кытайда кытай тилиндеги бардык чет жердик ЖМКга тыюу салынган. Мисалы, кытайлыктар кээде Би-Би-Синин англисче сайтына кире алат, бирок алардын көбү Би-Би-Синин кытайча сайты бар экенин билишпейт дагы, андай жок экенине ишенишет. Калган бардык социалдык тармактар жабык, YouTube дагы.

Мессенжерлер

Сүрөттүн автордук укугу REUTERS
Image caption WeChat мессенжериндеги жазуулар коддолгон эмес

Кытайда мессенжерлерди көп колдонушат. Мисалы, WhatsApp колдонушу мүмкүн. Бирок анын айрым техникалык маселеси чыккан. Кытайда WhatsApp мессенжеринин айрым функциялары “кулпуланган”, мисалы, түз көрсөтүүсү же чет элдик ЖМКдан алып көрсөтүүсү жок.

Жалыпысынан Кытай бийликтерин мессенжерлер анчалык коркутпайт. Анткени алар эл алдына жарыялоого же массалык чакырыктарга багытталган эмес. Эгер бирөө Кытайдын белгилүү WeChat мессенжерине бийликти сындап кат жазса муну саналуу гана адам көрөт.

Бирок мессенжердеги жазуулар текшерилип жаткан болушу мүмкүн. Ал коддолбойт. Бийлик атайын адамдарды жалдап, өкмөткө каршы пропаганда жокпу деп карап турушат, эгер табылса дароо өчүрүшөт.

Адамдар сөздөр жашырылган, мисалы, Telegram өңдүү мессенжерди колдонууну ойлобойт дагы. Кытайда баары уруксат берилген, бийлик өзү да колдонгон WeChat мессенжерин гана колдонот.

Хауард Жанг

Кытайда эл аралык социалдык тармактардын баарына тыюу бар. Кытайдыкы болбогон издөө системалары, ошондой эле миңдеген веб-сайттар, анын ичинде Би-Би-Си Кытай кызматы да жок.

Тыюу салынган социалдык тармактарга – мисалы, Фейсбук, Твиттер же Инстаграмга кириш үчүн дамдардын көбү азыр VPN же ушул өңдүү башкаларын кодонот.

Жакында Пекинде VPN кызматын сунуштаган бардык интернет-компаниялар катталыш керек, болбосо лицензиясынан ажыратылат деген эреже чыкты.

Аналитиктер менен байкоочулардын көбү бул кадам Кытайда VPN колдонууну келечекте олуттуу чектейт дешет. Бирок көптөрү жаш, тажрыйбалуу интернет колдонуучулар тиги же бул маалыматка жеткиси келип жатса дайыма башка ыкмаларын табышат деп эсептешет.

Ал эми мессенжерлерди жашыруун колдонуу дээрлик мүмкүн эмес. (AK)