Чеченстанда дайынсыздардын жакындарына алар Сирияда деп жаздыртышкан

Дайынсыз жоголгондордун жакындарынын бирөөсү Сирияга кетени тууралуу арыз жазганга мажбур болуптур Сүрөттүн автордук укугу GETTY IMAGES
Image caption Дайынсыз жоголгондордун жакындарынын бирөөсү Сирияга кетени тууралуу арыз жазганга мажбур болуптур

“Новая газетанын” айтымында Чеченстанда январда өлтүрүлүшү мүмкүн болгон адамдардын жакындарын Сирияга кетишкен же үйдөн өздөрү чыгып кеткен деп арыз жаздыртышкан. Бул боюнча Би-Би-Сиге жоголгондордун туугандары айтышты.

Чеченстандын дайынсыз жоголгон жашоочулары тууралуу “Новая газета” басылмасы кабарлады. 10-июлда жарыяланган материалда басылманын айтымында 26-январь түнү Грозныйда өлтүрүлгөн 27 кишинин тизмеси жарыяланган.

Чечен бийликтери муну гезиттин коркунучтуу фантазиясы өөрчүдү деди. Маектештер жакындарын полиция кармагандан бери эч нерсе билбегенин ырасташты. Өткөн жылдын декабрь айында кармалышкан экен, ал эми гезит 26-январда өлтүрүлгөнүн айтууда.

Тартип коргоо органдары адам жоголуу боюнча арыз бергендерди сураган эмес. Андан сырткары Би-Би-Сиге белгилүү болгондой, жоголгондордун көпчүлүк туугандары тартип коргоо органдары тарабынан кысымга кабылган.

“Сирияга кетишкен” же “белгисиз бирөөлөр алып кетти”

Жоголгондордун туугандарын кармап, жакындарын белгисиз бирөөлөр алып кетти деп кол коюп бермейинче бошотушкан эмес. Полиция эмес, белгисиз бирөөлөр алып кетти деген мааниде жазылган. Ал эми кимдир бирөөсүн “үйдөн чыккан боюнча келген жок” деп жаздырткан.

Бир канча тууганы бош кагаздарга кол койгонун айтышты. Аны кийин эмне кылышканын билишпейт.

Ошондой эле дагы бирөөсү тууганы Сирияга кетени тууралуу арыз жазганга мажбур болуптур. Күйөөсү же баласы кайда экенин билбеген айрым бүлөлөр тартип коргоочулар жоголгондордун россиялык жана чет жерге чыгуучу паспортторун сурашканын айтышты.

Жабырлануучулар суралган эмес

Дайынсыздардын туугандары Орусиянын Чеченстан боюнча Тергөө комитетине кайрылгандан кийин аларга коркутуу башталганын айтышты.

Жоголгон эркек кишилердин жакындары Тергөө комитетинин башкармалыгына тынымсыз барууда, бирок алар улам жаңы арыз жаз же анан кел дешет.

Ал жакка дагы ушинтип барганда бир нечесине барбоосун, жакындарын ойлошун айтып, коркутушкан.

Чеченстандын жоголуп кеткен жарандарынын Би-Би-Си байланышкан бардык туугандары адам жоголуу боюнча аларды дале эч ким суракка албагынын айтышты.

Грозныйдагы атышуу

Гезит жоголду деп жазган 27 кишинин дайыны дале белгисиз. Би-Би-Си Орус кызматы алардын өлгөнү боюнча маалыматты тастыктай алган жок. Бирок гезиттин тизмесиндеги кишилердин бир нечеси чынында декабрда кармалгандар экен. Ошондон бери жакындары аларды көрүшкөн эмес.

Би-Би-Сиге бир нече адам ушул өңдүү окуяларды айтып беришти: полиция кызматкерлери үйүнө келип, эркектерди суракка деп алып кеткенден бери көрүшкөн эмес.

Алардын бири минтип айтты: “Эмнеге алып баратышканын бизге айтышкан жок. Кийинчерээк биз кол салуу болгонун уктук. Демейде мындай окуядан кийин жаштарды дароо суракка чакырат”.

2016-жылы декабрда Грозныйда бир полиция кызматкери өлтүрүлгөн. Анда жаштардан турган топ полицияга кол салуудан кийин анын машинасын уурдап кетишкен. Бул окуядан кийин чоң операциялар жүргүзүлүп, дайынсыз болуп жаткандар кармалган.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров 18-декабрда тартип коргоо органдары шаардын бир канча көчөсүн жаап, кол салгандарды кармоо аракетин көрүшкөнүн, бирок алар машинаны уурдап качып, жол кайгуул кызматкерин коюп, ок чыгарып качышканын айткан. Кадыров кол салгандар кармалганын, атышууда төртү өлүп, экөө жаракат алганын кошумчалаган. (AK)

Тектеш темалар