“Amazon” компаниясынын негиздөөчүсү эң бай адам деп табылды

“Amazon” компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос.
Image caption “Amazon” компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос.

“Amazon” компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос ушул бейшембиде дүйнөдөгү эң бай адам деп табылды. Ал бай адамдардын тизмесинде турган "Microsoft" компаниясынын түптөөчүсү Билл Гейтстин да рейтингинен ашып түштү.

“Amazon” компаниясынын акциялары 2,3% жогорулап, киреше 2 млрд долларга өскөн.

Ушундай жол аркылуу алар Гейтстин компаниясынан 1,4 млрд долларга көп активдүүлүк көрсөткөн. Бул тууралуу Forbes журналынын онлайн рейтингинде көрсөтүлдү.

Билл Гейтс акыркы жолу лидерлик рейтингин былтыр жоготкон эле. Ал учурда аны “Zara” соода тармагынын негиздөөчүсү Амансио Ортега ашып кеткен.

Forbesтин миллиардерлер тууралуу рейтинги башталган 1987-жылдан берки 7 лидери “Amazon” компаниясынын түптөөчүсү болуп калды.

Amazon- бул дүйнөдөгү эң чоң онлайн соода сатык тармагы. Ал АКШ, Европа, Канада, Кытай, Индия, Япония сыяктуу ири өлкөлөрдө иш алып барат.

“Эгерде Гейтс кайрымдуулук иштерине мынча акча коротпогондо Безоско дүйнөдөгү бай адам болуу наамы эч качан буюрбайт болчу”, - деди конкурс уюштуруучулары.

2016-жылдын соңундагы маалыматка ылайык, Гейст кайрымдуулук максатында 31 млрд. доллар акча тараткан. Ошол эле учурда Forbesтин маалымдашынча, Безос дагы 2015-жылы 100 млн.доллар акчасын короткон.