Гомосексуализмден “дарыланган” адамдын окуясы

Питер Прайс
Image caption Питер Прайс

Элүү жыл мурун парламенттин актысы менен Англияда жана Уэлсте британялык гейлерди өз ара мамилеси үчүн камакка алуу, маскаралоо жана уруп-сабоого тыюу салынган.

1976-жылы мыйзам кабыл алынганга чейин алардын айрымдарын психатриялык клиникаларга “дарыланууга” жөнөтүп турушкан.

Ливерпулдук актер жана радио алып баруучу Питер Прайс өзүнүн андай дарылануу тажырыйбасын Би-Би-Синин “Күбө” программасында айтып берген. Ал мындай дарылануу өзү үчүн кыйноо болгонун эскерген.

Алтымышынчы жылдары жаш курактагы гейге жашоо абдан оор болгон.

Башка эркекке жакындоо, анын колун кармоо, эмоцияларды бөлүшүү үчүн түрмөгө түшүп калышы мүмкүн эле.

Гейлерди маскаралап, алар өзүнө-өзү кол салган окуялар көп болгон. Бул абдан кайгылуу учур болгон деп эскеришет.

Менин апам менин гомосексуал экенимди билгенде мен 18 жашта болчумун. Ал муну абдан оор кабыл алып, дарыгерге кайрылды. Алар мындан дарыланса болот деп айткан экен.

Image caption Питер Прайс:Ошол жылдардагы атайын ооруканалар түрмөгө окшош болгон

Мен кийинчерээк бул процедура “аверсион терапиясы” деп атала турганын билдим. Бирок мен бул тууралуу эч нерсе билчү эмесмин.

Апамдын дарыланасыңбы деген суроосуна ооба, сиз үчүн ошондой кылам деп жооп бердим.

Мени психатриялык клиникага алып келишти. Ал кезде азыркыдай эмес, андай жайлардын терезелери темир тор эле.

Психиатр мени жийиркентиш үчүн орой сөздөрдү ачык эле айтып, гейлер кантип жыныстык катнашка бара турганын түшүндүрүп жатты.

Мени андан ары башка бөлмөгө алып барышты. Эмне клышаарын түшүнгөн да жокмун.

Болгону менден ичесиңби деп сурашты. Мен ал жылдары “Гиннес” деп аталган сыраны ичээр элем.

Бөлмөдө терезе жок болчу. Санитар мени көзөмөлдөп турду. Анда дарыгерлер “ыпылас китеп” деп атаган китептер бар экен. Анда ич кийимчен эркектердин сүрөттөрү гана бар экен.

Бирок мен ошол китептерди карап, санитар коюп берген магнитофонду угушум керек болчу. Пленкада психиатр менен болгон сүйлөшүү жазылган. Санитар мага “Гиннес”сырасынан куйду.

Жарым сааттан кийин мага ийне сайды. Мен өзүмдү тири шумдуктай жаман сездим. Мен ажатканага сурансам уруксат бербей, керебетиме жаткызышты.

Аябай жүрөгүм айланып, болушунча булгандым. Эч нерсе кыла алган жокмун. Өзүмдүн акыр-чикириме аралашып жаттым. Ушунчалык жийиркеничтүү, жаман сездим.

Мен эч кандай дарылануу эмес, өлүм тууралуу ойлонуп жаттым. Абдан корктум. Анткени бул кыйноо болгон.

72 сааттан кийин менин такыр эле алым калбай калды. Мен эптеп эле ал жактан кетким келди. Мен болду токтоттум, өзүм келгем, өзүм кетем деп чечтим.

Мени алып кете турган адамга телефон чалдым.

Менден тээ алыстан эле саңырсыган жыт чыгып турду. Андан кутулуу үчүн сегиз саатка жакын жуундум.

Ошондон кийин мен кандай болсом ошондой калам деп чечтим.

Сүрөттүн автордук укугу Peter price
Image caption Питер Прайс

Мен өзүмдүн концерттеримде өзүмдү көрсөтүү, таанытуу мүмкүнчүлүгүн таптым. Мен абдан белгилүү жылдыздар менен иштешип, өз алдымча болууга үйрөндүм.

Мени даарылайбыз деп мага кылгандарын эч убакта кечирбейм.