Путин: Орусиядагы АКШ элчилик кызматкерлери 755 адамга кыскарат

Путин: Орусиядагы АКШ элчилик кызматкерлери 755 адамга кыскарат Сүрөттүн автордук укугу РОССИЯ1
Image caption Путин: Орусиядагы АКШ элчилик кызматкерлери 755 адамга кыскарат

АКШнын Орусиягa болгон контрсанкцияларына жооп кылып расмий Москва америкалык дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөгү кызматкерлердин санын 755 адамга кыскартат. Бул тууралуу oрусиялык телеканалдан президент Владимир Путин билдирди.

Кызматынан кыскарчулар арасында дипломаттар жана техникалык кызматкерлер дагы бар.

Америкалык мамлекеттик департамент бул тууралуу тынчсыздануусун билдирип, жооп үстүнөн ойлонуп жатат.

"Орусияда миңден ашык дипломат жана техникалык кызматкерлер иштеп келген жана иштеп жатышат, алардын 755и Россия Федерациясында ишмердигин кыскартышы керек. Бул сезимтал болот", - деди Путин ВГТРКнын журналисти Владимир Соловьевге.

Ошону менен Орусиянын АКШдагы дипломатиялык миссия кызматкерлеринин саны менен Кошмо штаттардын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлеринин саны 455 болуп теңелет.

Ал арада АКШнын вице-президенти Майкл Пенс ал президент Дональд Трамптай эле Орусия өзүнүн мамилесин жөндөйт деген үмүтү бар экенин билдирди.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги өткөн жумада америкалык дипломаттарга Серебрянный Бордогу дача менен Москвадагы кампаларды пайдаланууга тыюу салды жана Россиядагы америкалык дипломатиялык жана консулдук мекемелерде кызматкерлердин санын кыскартууну сунуш кылган.

"АКШдагы биздин дипломаттардын санын кыскартуу боюнча америкалык бийликтин жаңы бир тараптуу аракети болсо, ага дал ошондой жооп берилет",-деп билдиишкен ТИМден.

Министрлик ошону менен катар «Россия тарап 1-августтан Россиядагы АКШнын элчилигине Москвадагы Дорожная көчөсүндөгү кампаларды жана Серебрянный бордогу дачаны пайдаланууга тыюу саларын" жарыялаган.

ТИМ өзүнүн чечимин «Кошмо Штаттардын белгилүү бир чөйрөсүндө русофобия күчөп, биздин мамлекет менен ачык конфронтацияга өтүштү" деп негиздеди.

Америкалык дипломаттардын санын чектөө жана пайдаланган мүлкүн алуу чечими Россияга каршы санкцияларды күчөтүүгө АКШнын сенаты макул болгондон кийин кабыл алынды.

«Санкциялар жөнүндө жаңы мыйзамды кабыл алуу Россия менен болгон мамилеге АКШнын өзүндөгү ички саясий күрөштүн кесепети тийип жатканын ачык-айкын көрсөттү",-дешти Тышкы иштер министрлигинен.

АКШнын Конгрессинин Жогорку палатасы Ак үйдүн каршылыгына карабай, көпчүлүк добуш менен Россия, Иран жана Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алган эле. (ES)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар