АКШ Түндүк Кореяга аскердик күчүн көрсөтүүдө

АКШнын куралдуу күчтөрүнө караштуу бомбалоочу учактар да асманга көтөрүлдү Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption АКШнын куралдуу күчтөрүнө караштуу бомбалоочу учактар да асманга көтөрүлдү

АКШ ракетадан коргонуу системасын (Terminal High Altitude Area Defense) ийгиликтүү сынаганын билдирди. Андан тышкары Корей жарым аралында АКШнын куралдуу күчтөрүнө караштуу бомбалоочу учактар да асманга көтөрүлдү.

Мындай сыноолор жана аракеттер жакында эле Түндүк Кореянын континент аралык баллистикалык ракета сыноолоруна каршы жооп болуп эсептелет деп айтылууда.

Аскердик машыгууларды АКШ Түштүк Корея жана Жапония менен бирге өткөрдү.

Тынч океанында учкан С-17 аскердик учагы баллистикалык ракетаны кое берип, аны Аляскада жайгашкан THAAD системасы бутага жеткирбей атып түшүргөн.

Кытай тараптын катуу каршылык көрсөткөнүнө карабастан, АКШ куралдуу күчтөрү бул аймакта Түндүк Кореянын ар кандай ракетасын атып түшүрүү максатын карманууда.

Апрелден тарта КЭДР ракета сыноолорун кескин көбөйттү. Ушул жылдын эсебинде эле ондон ашык ракета сыноолору болду. Ушундан кийин АКШ чөлкөмгө аскер кемелерин жана суу алдында сүзүүчү кемесин жөнөткөн. Бул Пхеньяндын ачуусун келтирип, эгер сокку урса, "тыптыйпыл кыла турган сокку" менен жооп берем деп коркуткан.

АКШнын баамында, КЭДРдын Аляскага ракеталык сокку жасаганга күчү жетет. Эксперттер ошол эле учурда ракета мелжеген бутага тийбейт деп жатышат.

Түндүк Кореянын бийликтери өз кезегинде алардын ракетасы дүйнөнүн кайсы жери болбосун, талкалай алат деп билдирип келет.

15-майда БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга мындан кийин ракеталык сыноо өткөрүүдөн баш тартуу боюнча эскертүү берген. (ErA)

Тектеш темалар