Кабулда Ирак элчилигинин жанында жан кечти жардыруу жасады

Кабулдагы жардыруу
Image caption Полиция күчтөрү Ирак элчилигине кол салгандарды жок кылуу операциясын аткарууга киришти.

Афганистанда Ирактын элчилигинин жанында эки жардыруу жана атышуу болду. Афганистандын ыкчам аракеттеги күчтөрү окуя болгон жерге жетип келип, кол салгандар менен согушуп жатат.

Кабулдагы Ирак элчилигине кол салгандар автоунаа менен жардыруу жасашкан. Жанкечти элчиликтин жанына барганда автоунааны жардырып жиберген.

Андан кийин куралдуу топ элчиликтин имаратына басып кирүү аракетин жасаган. Афганистандын полиция күчтөрү кол салгандарды жок кылуу операциясын аткаруга киришти.

Кабулдун полициясы жардыруу болгонун ырастады, бирок ким эмне болгону жөнүндө так маалымат бере элек.

Ирак элчилигинин аймагы полиция менен курчалган. Адам курмандыктары жана кыйроолор тууралуу маалымат чыга элек.

Азыркы учурда Афганистанда талибдер активдүү болуп жатканы белгилүү, бирок «Ислам мамлекети» аталган экстремисттик күчтөр да бир нече теракт жасашкан.

Бир жума мурда эле Кабулда жан кечтинин жардыруусунан 35 адам мерт болду. Анын жоопкерчилигин Талибан алган.

(КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар