Хакерлер "Такты оюндарынын" сценарийин уурдашты

Жорж Мартиндин «Муз жана от ыры» деген чыгармасынын негизинде тартылган "Такты оюндары" (Game of Thrones) сериалы 2011-жылдан бери НВО тарыхындагы эң популярдуу сериал болуп жатат. Сүрөттүн автордук укугу НВО
Image caption Жорж Мартиндин «Муз жана от ыры» деген чыгармасынын негизинде тартылган "Такты оюндары" (Game of Thrones) сериалы 2011-жылдан бери НВО тарыхындагы эң популярдуу сериал болуп жатат.

Хакерлердин тобу "Такты оюндары" (Game of Thrones) сериалынын жетинчи сезонундагы жарыкка чыга элек серияларын уурдап алганын билдирүүдө.

Алар америкалык HBO телекомпаниясы ээлик кылган сериалдын сценарийин жана бир катар башка материалдарды уурдап кетишкенин айтып жатышат.

Компания болсо кибер чабуул болгонун тастыктады.

Хакерлер 1,5 терабайт маалыматты алууга жол табышканын билдиришти. Анын бир бөлүгүн интернетке жарыялап жиберишкен. Алардын айтымында, абдан популярдуу болгон сериалдын сценарийи жана видеолору дагы интернетке тарашы мүмкүн.

Америкалык Entertainment Weekly басылмасынын редакциясына жолдонгон катта хекерлер интернет колдонуучуларды уурдалган материалдарды активдүү көчүрүп алууга жана таратууга чакырышкан.

Басылманын журналисттеринин айтымында, болжолу хакерлердин колунда "Такты оюндарынын" жетинчи сезонундагы учурда эфирден кетип жаткан 4-сериясынын сценарийи уурдалган болушу мүмкүн.

Би-би-сиге хакерлер чыны менен эле ушундай маалыматка ээ болуп калыштыбы деген суроону тактоого мүмкүн болгон жок.

НВО компаниясы киберчабуулдан кийин маалыматтар уурдалганын моюнга алып жатат.

"Биз бул окуя боюнча чукул арада иликтөө иштерин баштадык. Биз укук коргоо органдары жана киберкоопсуздук боюнча иш алып барган компаниялар менен биргеликте иш алып барып жатабыз»,-деп айтылат НВО компаниясы тараткан билдирүүдө.

Жорж Мартиндин «Муз жана от ыры» деген чыгармасынын негизинде тартылган "Такты оюндары" (Game of Thrones) сериалы 2011-жылдан бери НВО тарыхындагы эң популярдуу сериал болуп жатат.

Алтынчы сезондогу ар бир сериясын орточо алганда 25 миллиондон киши көргөн. Учурда жетинчи сезону көрсөтүлүп жатат. Кино эпопеянын жаратуучулары сегизинчи сезону акыркы болорун билдиришкен. (AbA)

Тектеш темалар