Президенттик шайлоого талапкер катары арыз бергендер 59 кишиге жетти

шайлоо

Кыргызстанда 15-октябрга белгиленген Президенттик шайлоого катышуу боюнча арыздарды кабыл алуу мөөнөтү аяктады.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына караганда талапкер катары катышуу боюнча арыз бергендер саны 59 кишиге жетти.

48 талапкер өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен арыз берген. Ал эми он бир талапкерди саясый партиялар сунуштаган. Талапкер катары катышуу боюнча арыз бергендердин көпчүлүгүнүн ысымын коомчулук жакшы биле бербейт.

Талапкерлер арасында сотто иши каралып жаткан саясатчылар дагы бар.

Борбордук шайлоо комиссиясына өзүн өзү көрсөтүү жолу менен арыз бергендер: Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеев, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева, К. Мактымбаев, М.Кыдыралиева, К. Шайымбетов, М. Айманбаев, Э. Зарлыков, Т. Омуралиев, А.Айтикеев, Т. Кожогулов, П. Кенжекулов, А. Мансуров, М. Иманкулов, О. Болтуруков, М.Мергенов.

Ал эми партиялар сунуштаган 10 талапкер: Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев - «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы, С.Жээнбеков -«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы, А.Келдибеков жана К.Ташиев - «Патриоттук партия «Ата-Журт» саясий партиясы, И.Масалиев - «Кыргызстан коммунисттер партиясы» саясий партиясы, Т.Асанбеков - талапкерликке көрсөткөн «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы, Т. Акимов - «Чон казат» саясий партиясы, К.Исаев - «Кыргызстан» саясий партиясы.

Эми мыйзамга ылайык талапкерлер шайлоо фонддорун ачып, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төлөп, андан соң мамлекеттик тил боюнча сынактан өткөндөн кийин талапкер катары каттала баштайт. Талапкер катары каттоо мөөнөтү 15-августтан башталат. (AbA)

Тектеш темалар