Венесуэланын тагдыры үчүн Орусия, Кытай жана Индия кандай роль ойношу мүмкүн?

Орусия Конституциялык ассамблея идеясын колдоп чыккан аз сандагы өлкөлөрдүн бири болду. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Орусия Конституциялык ассамблея идеясын колдоп чыккан аз сандагы өлкөлөрдүн бири болду.

Дүйнөдө көптөгөн өлкөлөр жекшембиде Венесуэлада өткөн Конституциялык ассамблеяга шайлоонун мыйзамдуулугун тааныбай жатат.

Бирок президент Николас Мадуро өзүнө бекем бойдон кала берүүдө. Эгерде башка өлкөлөр санкция киргизе турган болсо, анда Боливиянын, Куба, Сальвадор жана Никарагуанын колдоосу аларды ордун жабышы дагы күмөндүү.

Эл аралык изоляцияга коркунучуна кептелсе жана Вашингтон тарабынан жаңы санкциялар киргизилсе, анда Венесуэла лидери жардам сурап кимге кайрыла алат?

Венесуэлалык жаңы ассамблеяны сындагандардын катарында бир эле АКШ эмес, чөлкөмдөгү башка державалар, айталы Мексика, Бразилия жана Аргентина, ошондой эле Чили, Перу, Колумбия, Панама, Коста-Рика, Канада, Швейцария жана бүтүндөй Еворобиримдик туруп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Колумбия Президенти Хуан Мануэль Сантос биринчилерден болуп Конституциялык ассамблеяга шайлоо өткөрүү идеясын четке какты.

Ошондуктан Венесуэла колдоо сурап геосаясый мамиледе абдан алыс турган Орусия, Кытай жана Индияга кайрылышы мүмкүн.

Булардын ичинен азырынча өз пикирин Орусия гана ачык билдирип, эл аралык коомчулукту карманып турууга чакырып, Венесуэланын ички саясатына кийгилишпегиле деди.

Кытай болсо Индия сыяктуу эле үн катпоону артык көрүп турат.

Ушуга байланыштуу суроо туулат: чынында Каракас Москва, Пекин жана Делиден эмне күтсө болот?

Орусия: саясый жана моралдык колдоо

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Венесуэла Орусиянын моралдык гана колдоосуна үмүт артса болот. Путин жана Мадуро

Дүйшөмбүдө Москва биринчилерден болуп Конституциялык ассамблеяга колдоо көрсөтүп чыкты. Шайлоонун мыйзамдуулугунан күмөн санап, аны тааныбай жаткандарды сынга алды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги ассамблеянын түзүлүшүнө каршы чыккандарды, «Каракаска экономикалык басымды күчөтүүнү» көздөгөндөрдү айыптады.

Москва мындан ары дагы Николас Мадуронун өкмөтүн моралдык жактан колдоого алуусун улантат. Бирок Венесуэлага материалдык колдоо көрсөтүшү арсар. Каракас кур дегенде карызын кечет деп үмүтөнсө болот.

Деген менен Лондон экономика метебинин адиси Альваро Мендес белгилегендей, карыздын бир бөлүгүн кечүү менен Москва улуттук мунай компаниясы CITGOнун маанилүү үлүшүн алууга жетишүү боюнча макулдашууда.

CITGO - мунай продуктуларын иштеп чыгуу жана жеткирүү боюнча иш алып барган ири компания.

Кытай: прагматизм жана сактык

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мадуро экономикалык колдоо издеп Кытайда да болгон.

Венесуэланын Кытайга карызы 65 млрд доллар өлчөмүндө экени соңку жылдарда бул өлкөлөр канчалык тыгыз мамиледе болгонун күбөлөндүрүп турат.

Мына ушул себептүү эгерде АКШ бул өлкөнүн мунай чийки заттарын импорттогонго тыюу салса, Кытай венесуэлалык мунай үчүн альтернативдүү базар түзүп бере албайт.

Венесуэлалык мунайдын Кытайга болгон кандай гана экспорту болбосун ал Каракас менен пайда табуу үчүн эмес, карызды кыскартууга гана мүмкүн болмокчу.

Азырынча Каракас карызын төлөй албай кыйналып жатканын эске алып, Кытай өзүнүн стратегиясын өзгөртөпй туруп Венесуэлага берген карыздарынын көлөмүн кыскартты.

Июнь айында Financial Times басылмасы кытайлык өкмөттүн бейрасмий өкүлдөрү Венесуэла опозициясынын өкүлдөрү менен жолугуп, эгерде өлкөдө бийлик алмашып кете турган болсо карыздарды төлөөгө кепилдик алуу боюнча сүйлөшкөнүн жазып чыккан.

Ошондуктан бул жерде Кытай алды менен өз кызыкчылыктарын коргоого умтулуп жаткандай.

Индия: аралык жана үн катпоо

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Индияда Уго Чавестин иш сапарларынан улам Венесуэла тууралуу маалыматтар жетиштүү.

Индияга экспорттолгон мунай чийки заты Мадуронун өкмөтүндөгү негизги кирешенин бири бойдон кала берүүдө. Бирок бул киреше мунайга болгон дүйнөлүк баанын төмөндөшү менен эки эсеге кыскарып кетти.

Бирок мурдагы индиялык дипломат Нилан Део белгилегендей, Индия мурда мунайды Ирандан алып турган. Иранга эл аралык санкция киргизилгенден кийин гана Венесуэладан ташып баштады. Азыр эми Ирандан санкциялар алынды.

Деген менен Део азырынча импорттун кыскарганын көрбөй турат, келчекте анын өсүүсү дагы күмөндүү.

Эксперт азырынча индиялык өкмөттүн Конституциялык ассамблея шайлоосу боюнча кандайдыр бир саясый билдирүү деле күткөн жок.

"Алар муну жасашкан жок жана жасашы деле арсар. Анткени өкмөттүн өзүнүн көйгөйү жетиштүү»,-деп түшүндүрдү ал.

Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин өткөн жылы сентябрда Венесуэлада өткөн саммитке катышуудан баш тартканы Мадуронун өкмөтү менен аралыкты сактоо каалоосу катары бааланган эле. (AbA)