Ислам Каримов: Апама жалаа жабышууда, эч кандай далил жок

Гулнаранын уулу Ислам Каримов

Өзбекстандын мурунку президенти, маркум Ислам Каримовдун небереси, кызы Гулнаранын уулу өлкөсүндө жүз миңдеген долларды уурдаган деп айыпталып жаткан апасынын кылмыш ишин курулай жалаа деп билдирүү жасады.

Гулнара Каримованын кайда экени соңку убактарга чейин белгисиз болуп келген. Аймактык басылмалар ал тургай анын каза тапканы тууралуу да жазып жиберишкени бар. Бирок балдары Гулнара Ташкентте үй камагында экенин ырасташып, андай кеп-сөздөрдү четке кагышкан эле.

Ушул аптанын шейшембисинде, 1-август күнү Гулнаранын уулу Ислам Каримов датасы 3-июлга коюлган соттук документти алган. Анда апасы Гулнара Каримова Ташкенттеги абак жайга которулганы тууралуу маалымдалган.

Ислам Каримовдун Би-би-синин Өзбек кызматына берген интервьюсун айрым кыскартуулар менен сунуштайбыз.

Би-би-си: Мындан сегиз ай мурун сиз Өзбекстан өкмөтүнөн апаңыз тууралуу, анын абалы, ага тагылып жаткан кылмыш иши боюнча маалымат берүүнү өтүнгөнсүз. Эми сизге маалымат берилиптир, ага канааттандыңызбы?

Ислам Каримов: Такыр канааттанганым жок. Биринчиден, ага каршы арыздардын баары апыртылган. Бул баарына түшүнүктүү. Экинчиден, көпчүлүк арыздар бурмаланган. Бир дагы күбө болгон эмес, эч кандай аудио жана видео далилдер жок. Кол коюлган кагаздар жок. Болгону кишилердин арыздарына гана негиздеп, Коопсуздук кызматында кармап турушуп, эптеп андан каалаган колдорду койдуруп, каалагандай арыздарды жаздырып алышты. Коопсуздук кызматында төрт жылдан ашуун болгон киши эмнени болсо деле моюнуна алат да, бул түшүнүктүү.

Би-би-си: Айыптоолордо болжолу 12 өлкөдө Гулнара Каримовага тиешелүү мүлктөр жана эсептер бар экени айтылат. Балким (бул иште) башка өлкөлөрдүн кандайдыр бир далилдери бардыр?

Ислам Каримов: Эгерде кандайдыр бир далилдер болгондо, чет жердеги сот иштери эбак эле бүтмөк. Конфискация болуп же кайсыл бир беренелер менен айыптар тагылмак. Бирок иликтөө иштерине катышып жаткан чет өлкөлөрдүн бири да Өзбекстандагы каралып жаткан иштин өзүн гана эмес, соттор менен адвокаттардын чечимдерин да тааныган жок да.

Би-би-си: Сиздин апаңызга каршы кылмыш ишинде кеп 2 млрд. доллар жөнүндө болуп жатат. Сиз апаңыздын каржылык абалы тууралуу билет белеңиз?

Image caption 1-август күнү Гулнаранын уулу Ислам Каримов датасы 3-июлга коюлган соттук документти алган. Анда апасы Гулнара Каримова Ташкенттеги абак жайга которулганы тууралуу маалымдалган.

Ислам Каримов: Мен анын каржылык абалын жакшы билем. Бул сандагы каражат эч кандай далили жок эле, анан калса ойдон чыгарылып, бир нече жолу апыртылып айтылды. Булар мүмкүн баарынын - министрлердики (коррупциялашкан), биздин туугандарыбыздыкы болушу мүмкүн, ага үйүп коюшкан. Аны соттоп жатышат, алар болсо таза бойдон калып, иштеп жатышат. Мен азыр кайсы бир ысымдарды атабайм. Бирок бийликте турган (Өзбекстанда) күч түзүмдөрүндө жана башка кызматтардагы, министрлер, башка кишилер тууралуу биз чоң документти жарыялоого даярданып жатабыз. Алардын көпчүлүгүнүн каржылык абалы алда канча белдүү. Ал жерде 2 млрд эмес, 3-4 млрд жана башка. Бирок бул жөнүндө эч ким сөз кылган жок да.

Би-би-си: Биз азыр сиздин апаңыз тууралуу сүйлөшүп жатабыз. Сиз анын абалы кандай экенин билгенсиз ээ, ага кандай ишканалар караштуу экенин? «Узунробита», «Ангренцемент», «Кока-кола», МТС, «Вымпелком» - сиз бул тууралуу билчү белеңиз? Анын үлүшү кандай эле, кандай келишимдер болгон?

Ислам Каримов: Менин билишимче, бул компаниялардын көпчүлүгү болжолу ага байланыштуу болгон. Бирок биринчиден, эч нерсе далилденген жок, айыпсыздык жоромолу Өзбекстанда болсо да иштеши керек да, бирок буга ишенүү кыйын. Биз ар кандай эле айыптоолордо өзүн коргоого мүмкүндүк берген цивилизациялуу өлкө болушубуз керек. Мен аны жарык дүйнөдөгү эң мыкты адам деп тааныгыла деп суранбайм. Бирок анын начар киши эмес экенине базалык фактылар бар. Анан аны эмне үчүн жападан жалгыз айыптап жатышат. Ал кишилердин үйүнө кирип барып, акчасын алып кетип калган жок. Болжолу ага шылтап жаткан акчалар, эгерде анын бир бөлүгү ага таандык болгон күндө деле, бул акчалар башкалардан, анын бизнес операциясынан. Бирок дээрлик баары расмий жана дээрлик баары ачык болгон...

Би-би-си: Дээрлик баары? Анын бейрасмий дагы иштери болду беле?

Ислам Каримов: Ооба, бейрасмий дагы иштери болгон. Алар көбүрөөк коомдук иштерге байланыштуу болчу. Ошондуктан таятам ар дайым: «Сен мени эч качан басып өтпөшүң керек» деп айтчу. Ал мага болгон элдин урмат-сыйын уурдап алат деген жана башка өксүктөрү бар эле. Апам ага аракет да кылган эмес, тескерисинче ал жөнүндө кайра жакшы пикирлерди, бийик сөздөрдү айткан. Ал бир нече жолу телевизордон аны көрүп калгандан кийин маселе жаралды. Ал абдан ачуулангандыктан, бир нече коомдук долбоорлорун жашырууга туура келген. Апам коомдук чөйрөдө болбошу керек эле, өзбек медиасында, телеканалдарда, иш-чараларда. Ошондуктан, «Фонд-Форумда» болгон («Өзбекстандын маданият жана искусство форуму» фонду) айрым компанияларды расмийлештирүү абдан татаал болгон. Ошол себептүү башынан эле биз буга анын тишеси бар экенин жокко чыгарып келгенбиз. Ал өзү да байланышы жок экенин айтып келген. Бул менин идеям, муну мен кылып жатам дегенди ал эч качан ачык айтып, моюнуна алган эмес. Андай болгондо ал «Сен менин бийлигимди уурдаганга аракет кылып жатасыңбы» деп айтмак.

Би-би-си: Демек, президент Ислам Каримов кызынын бизнес ишмердүүлүгүн билген эмеспи?

Ислам Каримов: Ал өзүнүн кызынын гана эмес, өлкөдөгү бир да кишинин - министрлер, күч түзүмдөрүндө иштегендердин, менин таежемдикин билген эмес...

Би-би-си: Бул эми өзүнүн кызы болуп жатпайбы. Балким кызы жөнүндө билгендир?

Ислам Каримов: Жок, ал билген. Ал эмнени кылып жатканынан бүт кабардар болуп турган. Белгилүү бир убакытка чейин буга макул болбой, билбей жүргөн. Кийин ал муну менен күрөшүүдөн калды, кеч болуп калган үчүн эмес, болгону бийликти алуу үчүн аракеттенип жатпаганын жана башкаларын түшүнгөндөн кийин. Ал жөн гана өзүнүн, өлкөнүн позициясын чыңдап, массага алып чыгууга умтулуп жатканын. Апам кылган чоң көлөмдөгү кайрымдуулук иштерин, долбоорлорду Өзбекстанда бийлик дагы, бизнесмен дагы кылган эмес. Он миңдеген гранттар, он миңдеген кишилер чет өлкөлөргө дарылануу үчүн жөнөтүлгөнү жана башкалар. Бир дагы киши муну кылган эмес, эми аны айыптап жатышат. Эмне үчүн бул кишилердин баары, андан он эсе көп иштеп тапкандар ал кылган иштин граммын, бир да пайызын кылган эмес дагы, эми келип биз садага чабылып жатабызбы?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Гулнара Каримованын бул сүрөтү 2013-жылы октябрда тартылган.

Би-би-си: Кеп миллиарддаган доллар тууралуу болуп жатат. Сиз апаңыздын тун уулусуз, абдан жакынсыз, балким бизнес келишимдери тууралуу кабарыңыз болгондур? Сиз дүйнө кезип, апаңыздын түрдүү иш-чараларына, кечелерине бардыңыз. Анын ичинде Европада болдуңуз. Балким сиз апаңыз эмне менен алектенип жатканын билген чыгаарсыз? Апа, мынча акча кайдан деп сурагандырсыз?

Ислам Каримов: Мен билгемин. Бирок мындай акчанын жок экенин билгемин. Эки миллиард...

Би-би-си: А канча болушу керек эле?

Ислам Каримов: Эми, мен так санын билбейм... Менин билгеним, алар айтып жаткан акчанын жарымы, төрттөн бири болгондо деле асмандаган акча. Эмне үчүн эч кимиси кандайдыр бир конкреттүү далилдерди айтпай эле, жөн эле сумманы атап жатышат? Биздин өлкөдө жашаган ким гана болбосун биздин реалдуулукту билет. Айыптоолорду коопсуздук кызматы көбүртүп-жабыртпайт дегенге бир дагы киши ишенбейт.

Кыймылсыз мүлктөр

Гулнара Каримованын ишинде болжолу уурдалган акчага сатып алынган деп анын Лондондогу үйү дагы аталып жатат. Юридикалык документтерге ылайык, үй 2012-жылы Porchester Industries Ltd компаниясы тарабынан сатып алынган. Компаниянын директору деп Гулнара Каримованын жарандык никедеги мурунку күйөөсү Рустам Мадумаров көрсөтүлгөн.

Ислам Каримовдун кичүүсү 2010-жылдан бери Улуу Британияда жашайт. Бул үй боюнча эч качан укпаганын, анын сатылып алынганын билбей турганын жана эч качан ал жерде болбогонун Би-би-сиге билдирди.

Исламдын айтымында, Рустам Мадумаровдун өзү болсо төрт жылдан бери Коопсуздук кызматынын абагында жатат. Андан каалагандай көрсөтмө алса деле болмок, андан сырткары «Эгерде Рустам кандайдыр бир мүлккө ээ болсо, апам дагы ошого ээлик кылат деген чекилик. Булар эки башка кишилер жана алар баш кошкон дагы эмес».

Гулнара Каримованын ишиндеги дагы бир үй Женавада. Аны өзүнүн атына 2009-жылы сатып алган. Үйдүн баасы 18 млн. долларды түзгөн. Ислам Каримовдун кичүүсү ырастагандай, үй чыны менен анын апасына таандык. Бирок ал муну сатып алган эмес, ата-энеси белек кылган. Башкача айтканда, Гулнара Швейцарияга иштегени келгенде, Өзбекстандын президенти жана анын жубайы кызына белек катары сатып беришкен.

Социалдык тармактарда кеңири тараган жапжаш Исламдын 16 жашында 250 миң долларлык SLR Mercedes McLaren унаасынын фонунда түшкөн сүрөтү дагы эч нерсени далилдебейт. Анын ырастоосунда, бул жөн гана апасына кимдир бирөөлөр тарабынан берилген белек болгон. «Анан калса бул сүрөттөн болжолу бир жылдан кийин ал белектен апасы баш тарткан».

«Көптөгөн кишилер белек берүүгө, ишенимге кирүүгө умтулушкан,-деп түшүндүрдү. - Унаага кызыккан ар бир эле өспүрүм сыяктуу мен ал унааны көрүп сүйүнгөм, мындайды ар бир эле бала кылмак да».

«Бул эми бир эле унаа да! Башка кишилердин яхта жана учактары тууралуу эч ким айтпайт,-дейт ал. -Кишини туш тараптан талкалап, сындырып жатышат. Ууландыруу жана аны мастан кылып элге жек көрүмдү кылышууда.

Жакшы жагын кеп кылган эч ким жок. Азыр өлкөдө бийлик башында жүргөндөрдүн көбү мындан да ыплас иштерди кылып жатпайбы». (AbA)

Тектеш темалар