Неймар: рекорддук 222 млн евро менен "Барселонадан" ПСЖга

Шаршембиде Неймар командасына кете турганын билдирүү үчүн машыгууга келди. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Шаршембиде Неймар командасына кете турганын билдирүү үчүн машыгууга келди.

"Барселона" футбол клубунун чабуулчусу бразилиялык Неймар франциялык "Пари Сен-Жермен" клубуна өтүүгө уруксат алды.

Келишимдин баасы дүйнөлүк футболдогу мурда кийин болуп көрбөгөндөй акчага - 222 млн еврого бааланууда.

Катарлыктар ээлик кылган клуб футболчуну өткөрүп ал үчүн дал ушунча акчаны төлөп бермек болуп жатат. Бул эми буга чейинки таң калтырган рекорддук трансферлердин баасынан эки эсеге көп акча.

"Барселонанын" машыктыруучусу Эрнесто Вальверде шаршембиде Неймарды машыгуудан бошотуп, «келчегиңе кам көрө бер» деди.

Өзүнүн кыска билдирүүсүндө "Барселона" азырынча Неймарга машыгууга гана келбей туруу чечими кабыл алынганын, каражат төлөнгөндөн кийин гана толук өтөрүн билдирди.

Неймар каталондук клубка бразилиялык "Сантостон" 57 млн еврого өткөн эле. Өткөн жылы ал "Барселона" менен келишимин 5 жылга узарткан болчу.

"Барселона" эмне жоготот?

Неймардын кетиши менен дүйнөлүк футболдогу белгилүү болгон эң атактуу чабуулдун катары бузулат. Ал чабуул Месси-Суарес-Неймар үчилтиги эле.

Март айында алар өздөрүнүн бийик кадырын дагы бир ирет тастыкташкан.

Эң престиждүү саналган Чемпиондор лигасынын чейрек финалында "Барселона" франциялык "Пари Сен-Жермен" клубунан конокто 4:0 эсебинде жеңилип, кийин өз талаасында көпчүлүктү таң калтырып жеңишти камсыз кылган.

Асмандаган бул траснфердин өлчөмү аркылуу ПСЖ каржылык fair play принциптерин бузууда деген испаниялык футбол лигасынын президенти Хавьер Тебас, эгерде УЕФА чара көрбөсө "Барселона" клубуна санкцияларды киргизебиз деп зекиди.

Неймар "Барселона" үчүн 105 гол киргизип, бул клуб менен Ла Лиганы эки ирет, Чемпиондор Лигасын үч ирет утуп алды. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар