Медведев: АКШ менен мамилени жакшыртууга үмүт үзүлдү

Орус өкмөтүнүн башчысы киргизилген жаңы санкцияларды маанисиз деп атады. Сүрөттүн автордук укугу ALEXEI DRUZHININ/TAS
Image caption Орус өкмөтүнүн башчысы киргизилген жаңы санкцияларды маанисиз деп атады.

Орусиянын премьер-министр Дмитрий Медведев АКШ жаңы санкцияларды киргизгенден кийин орус бийлиги Вашингтон менен мамилени жакшыртуудан үмүт үзгөнүн билдирди.

"Биринчиден, Америка бийлигинин жаңы администрациясы менен мамилени жакшыртуу үмүтү өчтү. Экинчиден, Орусияда толук кандуу соода согушу жарыяланды", - деп жазды Медведев өзүнүн "Фейсбук" баракчасына.

Премьер-министрдин айтымында, Дональд Трамп жетектеген администрация Конгресске аткаруучулук укугун берип, эң төмөңкү деңгээлде алсыздыгын көрсөттү.

"Америкалык башкаруучу чөйрө Трамптын үстүнөн ачык эле алдап кетти. Президент өзү жаңы кабыл алынган санкцияга кубанбай турат, бирок ал мыйзамга кол коюуга мажбур болду. Бул жаңы кабыл алынган мыйзам Трампты өз ордуна коюунун дагы бир жолу болчу. Алдыда жаңы пландар белгиленген, акыркы максат болсо- Трампты бийликтен чететтүү. Системага туура келбеген оюнчу катардан чыгышы керек да",- деп жазды ал.

Шаршемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга жаңы санкцияларды киргизе турган мыйзамга кол койгон.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Дональд Трамп жаңы мыйзамга ичи чыкпаган абалда калды.

"Иран, Түндүк Корея жана Орусия стабилдүүлүктү бузуп, агрессивдүү болгону үчүн аларды жазалоочу катуу чектерди кригизип жатам. Ошол эле учурда бул мыйзамда бир катар олуттуу кемчиликтер бар деп ойлойм. Конгресс мыйзамды кабыл алууда шашып, Конституцияга каршы келген бир нече учурларды киргизип жиберген", - деди Трамп.

Буга чейин Конгресстин эки палатасы тең Иранга жана Түндүк Кореяга каршы санкцияларды киргизүүнү колдогон. Жаңы мыйзамдагы негизги өзгөчөлүк- президент Конгресстин уруксатысыз Орусияга карата санкцияны жокко чыгара албайт.

Эми күчүнө кирген мыйзамды токтотуу үчүн президент эки палатага тең кайрылып, негиздеп бериши керек. Ал эми Конгресс отуз күндүн ичинде ал маселени карап же макулдугун же каршылыгын билдирет.

Жаңы мыйзам буга чейин киргизилген, атап айтканда, Орусия Крымды аннкециялагандан жана Донбасста башталган конфликттен кийинки кабыл алынган санкиялардын чоң өлчөмүн толуктайт. Мыйзам түздөн-тү жаңы чараларды киргизбейт жана президентти аны киргизуүгө милдеттендирбейт.

Ошол эле учурда көпчүлүк эксперттердин белгилешинче, бул мыйзамда көрсөтүлгөн чектер АКШнын өзүнүн айрым финансылык мекемелерине жана компанияларына коркунуч жаратышы мүмкүн.

Президентти санкцияны токтотуу укугунан ажыраткан бул жаңы мыйзам америкалык компанияларды Орусиянын темир жол, кеме, металл чыгаруу жана кен тармактары менен иштешүүсүнө тыюу салынат. Орусиянын мунай өндүрүшү менен байланышы бар компаниялардын бизнесине чектөө киргизет. (SA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар