Абхазиядагы жарылуудан эки орусиялык каза тапкан

Кара деңиз боюндагы Приморское кыштагында ок-дары сакталган аскер кампасында катарынан жарылуулар орун алган эле. Сүрөттүн автордук укугу AIAIRA.COM
Image caption Кара деңиз боюндагы Приморское кыштагында ок-дары сакталган аскер кампасында катарынан жарылуулар орун алган эле.

Шаршембиде Абхазиядагы ок-дары сакталаган кампада болгон жарылуудан орусиялык эки туристтин каза тапканы белгилүү болду. Дагы бири колун сынган абалында тирүү табылган.

"Жардыруу болгон учурда аскер кампаларына жакын аймакта үч аял ат минип сейилдеп жүрүшкөн. Мерт болгондордун экөө болжолу Санкт-Петербург тургундары. Алардын сөөгүн куткаруучулар эрте менен табышты»,-деп билдирген Интерфакс агенттигине Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкулү Мизан Ломия.

"Үчүнчү аял колу сынган абалында табылды. Ал Подольск тургуну. Алар токтогон жеке менчик мейманкананын ээси кечинде аялдар кайтып келишпегенин тастыктады»,-деп кошумчалады ал.

2-августа Кара деңиз боюндагы Приморское кыштагында ок-дары сакталган аскер кампасында катарынан жарылуулар орун алган эле.

Өз алдынча мамлекет катары таанылбаган республиканын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка караганда, жарылуудан 60 киши жабыркап, алардын 27си ооруканага түшкөн.

Алардын көпчүлүгү орусиялык туристтер.

Абхазиянын Коргоо министрлиги аскер кампалары «калктуу конуштардан ыраак жайгашканын» баса белгилеген эле. Бирок киийнчерек көптөгөн кишилер жаракат алганы тууралуу маалыматтар чыгып кетти. Абхазиялык журналист Низфа Аршба Би-би-сиге айтып бергенине караганда, «көп киши» жаракат алды.

Орусия 2008-жылдагы Грузия менен чатакташуусунан кийин Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган. Мындан сырткары Венесуэла, Никарагуа, Науру жана Вануату аны өз алдынча көз карандысыз мамлекет катары тааныды.

БУУ болсо Абхазияны Грузиянын аймагы катары эсептейт. Тбилиси Орусия бул аймакты Түштүк Осетия сыяктуу эле оккупациялап алды деп доомат коюп келүүдө. (AbA)

Тектеш темалар