Мушкер Владимир Кличко спорттон кетүүдө

Владимир Кличко

Украиналык мушкер Владимир Кличко профессионалдык карьерасын жыйынтыктоону чечкен. Бул тууралуу анын расмий билдирүүсүндө айтылат.

"Профессионалдуу мушкер катары эмнени кыялдансам баарына жеттим. Эми спорттон сырткаркы карьерамды курам»,-деген Кличко бул чечимди кабыл алуу үчүн бир нече апта ойлонуп, анан чечим кабыл алганын айтты.

"Мени колдогон ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем. Өзгөчө үй-бүлөмө менин командама жана менин көп сандагы күйөрмандарыма»,-деди мушкер.

Ушул жылдын 29-апрелинде 41 жаштагы мушкер Уэмбли стадионунда британдык Энтони Жошуага утулуп калган эле. Кличко аны менен дагы бир жолу келе жаткан ноябрь айында кайра беттешмек. Беттеш Лас-Вегаста өтөт деп күтүлүп жаткан. Бирок Кличко реванштан баш тартып, чоң спорттон кетип жатат.

Кличко профессионал бокска 1996-жылдагы Олипададагы жеңишинен кийин келген. Ал оор салмактагы мушкерлер арасында дүйнөлүк бокс уюмунун бир катар (WBO, WBA жана IBF) версиялары боюнча чемпиондукту багындырды.

Өзүнүн профессионалдык карьерасында Кличко жалпысы 69 беттеш өткөрүп, анын 64 беттешин (анын ичинде 54 үн нокаут менен) жеңген.(AbA)

Тектеш темалар