Каныбек Осмоналиев: Бизде математика "мат" болду

Каныбек Осмоналиев Сүрөттүн автордук укугу facebook

Кыргызстанда жогорку окуу жайлардагы гранттык орундарга тандоо аяктады. Өлкө боюнча жалпы 5705 бюджеттик орун болсо анын 400дөн ашууну бош калган. Анын басымдуусун математика, физика сабактарынын жыйынтыгын талап кылган адистиктер түзөт.

Соңку жылдары Кыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүлөрү ЖТР тапшырып жатканда так илимдерге караганда гуманитардык сабактарга көбүрөөк басым жасаганы байкалаган.

Би-Би-Си физика-математика илимдеринин доктору Каныбек Осмоналиевге кайрылып, буга эмне себеп болушу мүмкүн деп сурады.

Каныбек Осмоналиев: Бул абдан маанилүү жана "оорулуу" суроо. Физика-математика илимдеринин доктору катары бир жумадан бери кабыргам кайышып турат. Өзүм иштеген Улуттук университетттин физика, техника факультетине абитуриенттер келбей, келсе да саны аз болуп толбой турат. Болгондо да бюджеттик орундарда бош орундар калды. Дал эле ушундай көрүнүш Кыргыз техникалык университетинде да байкалат. Мунун ичинде тоо-кен тармагы да бар. Дүйнөдө техника, технология абдан өнүгүп, иновация деп гүүлдөп жатканда Кыргызстандагы мындай көрүнүш нонсенс, акылга сыйбай турган нерсе. Мунун себеби эгемендик алгандан бери биз так илимдерге абдан кайдыгер мамиле кылып, таштап койгонбуз. Айрыкча батыштын коомду гумандуулукка үндөйбүз дегенин сөзмө-сөз түшүнүп алып, кокуй тарых, тилге башкага көңүл буралы деп техника багытындагы адистерди даярдоону токтотуп койгондой эле мамиле жасадык. Муну мурунку министр катары да ишенимдүү айта алам. Бирок бизде математик, физик, техник болом деген балдар толтура. Мисалы, өз уулум эле быйыл 3-4 жолдошу Екатеринбургга барып бюджеттик бөлүмдөргө өтүп келди.

Сүрөттүн автордук укугу Esa
Image caption "Дүйнөдө техника, технология абдан өнүгүп, иновация деп гүүлдөп жатканда Кыргызстандагы мындай көрүнүш нонсенс, акылга сыйбай туган нерсе".

Уулум инженер-металлург деген адистигине өтүптүр. Мен башынан өзүбүздүн эле окуу жайлардан оку деп айтып келдим. Макул болгон жок. Эмнеге десем, окунун сапаты жок, материалдык база жайдак дейт. Эми ал окууга өткөнү мени кубандырды. Келечегинде жумуш дагы табылат. Бирок ал эми ошол өлкөдө иштеп калып калышы мүмкүн да. А эмне үчүн биз ошондой адистерди өзүбүздө даярдап, ушул жерде алып калбайбыз? Кыргызстандагы эң чоң окуу жайлардын көпчүлүгүнүн ректорлору филологдор. Аларды абдан сыйлайм. Бирок эми биз азыр кандай заманда жашап жатабыз? Бул эми бир эле мисал.

Би-Би-Си: Эгер сиздин ойду уласак, так илимдерге жасалган ушундай мамиле, окуучуларды кызыктыра албай жатканыбыз, жетиштүү көңүл бурулбай жатканы улана берсе, эмне болот?

Каныбек Осмоналиев: Кесепети азыр эле байкала баштады. Биз дагы деле СССР кезиндегидей физика-математика факультети деп келе жатабыз. Биз заманга ылайыктап, өзгөртүп физика жана информатика, радио жана физика, физика жана телекоммуникация сыяктуу факультеттерди эмнеге ачпайбыз? Буга жогоруда мен айтып өткөндөй гуманитардык багыттагы жетекчилердин тоскоолдугу болуп жатат. Ал аз келгенсип мурда мектепте беш саат окуткан математиканы төрт саат, физиканы бир жарым саатка кыскартып койду. А астрономияны таптакыр жоюп салды. Бул биздин мектеп эле эмес келечекке болгон диверсия. Мунун азабын дагы далай тартабыз.

Би-Би-Си: Мына, сиз учурунда Билим берүү министри болдуңуз, Жогорку Кеңеште билим берүү тармагына тиешелүү комитетти дагы жетектедиңиз. Ошол учурда азыр биз сөз кылып жаткан маселени чечүү жолдорун сунуштадыңыз беле?

Каныбек Осмоналиев: Министр болуп турганда "Физика, математика жана техника илимдерин өнүктүрүүнүн чаралары" деп өкмөттүн токтом долбоорун даярдагам. Тилекке каршы тогуз эле ай министр болуп иштедим. Аны өткөрмөк турсун мени жыйында ур-тепкиге алып, ал эмес сөгүш беришкен. Мектепте жанын сабап физикадан сабак берип жүргөн мугалим сааты кыскарганда кол шилтеп базарга баса берди. Ушул маселенин баарын депутат болуп турганда дагы көтөрдүм. Жогорку Кеңештин тапшырмасы катары өкмөткө жолдодук. Алар кабыл алды дагы, папкесине салып алышты. Тилекке каршы, болгон аракетим ушуну менен гана чектелди.

Тектеш темалар