КЭДР Түштүк Кореянын сунушунан баш тартты

Сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн чек арасындагы демилитаризацияланган аймакта өтүшү керек эле. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн чек арасындагы демилитаризацияланган аймакта өтүшү керек эле.

КЭДР Тышкы иштер министри Ли Ён Хо түштүк кореялык кесиптеши Кан Гён Хванын эки өлкөнүн мамилесин жөнгө салуу боюнча сунушка оң жооп берүү өтүнүчүн четке какты.

Эки министрдин кыска убакыт жолугушуусу Манилада өттү. Бул жерде дүйшөмбүдө Түштүк-чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) форуму өтүп, негизги маселелердин бири КЭДР тегерегиндеги кырдаал болот.

Түштүк кореялык "Йонхап" агенттиги расмий кишилерге шилтеме берип, түндүк кореялык министр Сеулдун демилгесин четке каккан себебин, "түштүк коңшуларга чынчылдык жетишпейт" деп негиздегенин жазды.

"Түндүккө кысымды күчөтүү планы менен Түштүк АКШ менен кызматташкан кырдаалда мындай сунуш чын жүрөктөн айтылбагандай көрүнүп калат",-деп келтирген агенттик министрдин сөзүн.

Мунун алдында түндүк кореялык министр Кытайдын ТИМ жетекчиси Ван И менен жолугушуу өткөргөн. Кытайдын өкүлү эки өлкө ортосунда сүйлөшүүлөр жүрөт деп үмүттөнүп турганын айткан эле.

Июлдун ортосунда Түштүк Корея КЭДРге кайрылып, Корея жарым аралындагы чыңалууну төмөндөтүү үчүн аскер өкүлдөрү ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушу менен чыккан эле. Ошондой эле Кызыл Чырымдын багыты менен диалогду кайра жандантуу айтылган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption "Хвасон-14" баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүү учуру.

Эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүнү жандантуу идеясы Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин тарабынан көтөрүлдү.

Жонатан Хед, Би-би-синин Бангкоктогу кабарчысы

АКШнын расмийлери Түндүк Кореяны Түштүк-чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) чөлкөмдүк форумунан чыгарууга аракет кылууда. Бул бирикме Түндүк Корея катышкан аз сандагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын бири.

Бирок Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И түндүк кореялык кесиптештеринин Манилада болгону маанилүү деген пикирде. Анткени КЭДР туура жана акылдуу чечимди кабыл алыш үчүн башка өлкөлөрдүн пикирин угушу керек дейт ал.

Кытай министринин айтымында, ал КЭДР Тышкы иштер министри менен жолуккан учурда БУУнун кезектеги санкцияларды киргизиген резолюциясын аткаруу боюнча кеңеш берген. Бул резолюцияны Кытай, Орусия дагы колдогон болчу.

Ошол эле учурда Ван санкциялар жетишсиз экенин айтып, АКШны жана анын азиялык союздаштарын кандайдыр бир чагымчыл аракеттерге барбоого чакырды.

АКШ каршы болуп жатканына карабастан Пекин КЭДР менен алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү жаңылоого умтулуп жатат. Деген менен буга чейинки сүйлөшүүлөр Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотууга тоскоол боло алган эмес.

Ишембиде БУУнун Коопсуздук кеңеши КЭДРге каршы санкцияларды кеңейтүү боюнча резолюцияны кабыл алды. Мындай чечим Пхеньян бир айдын ичинде эки ирет континенттер аралык баллистикалык ракетасын учургандан кийин кабыл алынды.

Резолюцияга ылайык КЭДРден импорттолгон бир катар товарларга тыюу салынып, КЭДРдин сырткы соода боюнча банк эсептери тоңдуруу, ошондой эле деңиз кемелеринин портко кирүүсүнө тыюу салынды.

Резолюцияны сунуштаган америкалык тараптын эсептөөсүндө бул санкциялар Пхеньяндын жылдык валюталык киршесин үч эсеге азайтат.

АКШ президенти Дональд Трамп түндүк кореялык сырткы сооданын 90 пайызын түзгөн Кытайды Пхеньянга кысым көрсөтүүгө бир нече ирет чакырып келегени бар.

Июль айында КЭДР эки баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүп, түндүк кореялык ракеталар АКШга чейин жете турган абалда экенин билдирген.

Деген менен эксперттер көпчүлүк түндүк кореялык ракеталар көздөгөн бутасына жете албай турган чабал жактары бар экенин айтууда. (AbA)