Сот «Новая газетанын" журналисттин азырынча депортация кылбоону чечти

Али Феруз эгер аны Өзбекстанга чыгарып жиберишсе өмүрү коркунучка кабыларын айтып жатат. Сүрөттүн автордук укугу VLAD DOKSHIN\NOVAYA GAZETA
Image caption Али Феруз эгер аны Өзбекстанга чыгарып жиберишсе өмүрү коркунучка кабыларын айтып жатат.

Москванын шаардык соту «Новая газетанын" журналистти Али Ферузду Өзбекстанга депортациялоо тууралуу чечимди аткарууну убактылуу токтотту.

Би-би-си кабарчысы сот залынан кабарлагандай, Феруздун иши боюнча Европанын адам укуктары боюнча соту карап чыкмайынча ал Орусияда калып, мигранттар үчүн атайын бөлүнгөн кармоочу жайда кармалып турат.

"Мени өлкөдөн чыгарып салбаганына кубанычтамын", -деди журналист.

Өткөн аптада Европанын адам укуктары боюнча соту Орусиянын Али Ферузду (чыныгы аты-жөнү - Худоберди Нурматов) Өзбекстанга депортациялоосуна тыюу салган эле. Анын доо арызын караганга чейин соттун өкүмүн аткарбоо талабы айтылган.

Шейшембиде журналисттин апасы Зоя Нурматова сотто көрсөтмө берди. Ал Орусиянын жараны экенин белгилеп, Худоберди ага каржылык жардам көрсөтүп, операциясы үчүн акча жыйнап жүргөнүн айтты.

"Мен апам менен ар дайым байланышта болуп [Зоя Нурматова Алтайда жашайт], мүмкүнчүлүккө карап жардам берип келгемин. Мен ага бара албай жүргөн себебим, менин докмуенттерим жок эле»,-деп түшүндүрдү Али Феруз.

Феруздун иши

Өзбекстандын жараны Али Ферузду 1-августта "Новая газета" басылмасынын мекемесинин жанынан кармашкан. Полиция аны документтерин текшерүү үчүн токтотуп, журналисттик аккредитациясынын көрсөткөнүнө карабастан милиция бөлүмүнө, кийин сотко алып барышкан.

Ушул эле күнү кечинде сот аны миграция боюнча мыйзамдарды бузган деп, өз өлкөсүнө депортация кылууга чечим чыгарган. Андан сырткары ага 5 миң рубль өлчөмүндө айып салышкан. Сот болгондон бир күндөн кийин Али Феруз өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылганы ачыкка чыкты.

Би-би-сиге анын адвокаты Даниил Хаймович айтып бергенине караганда, Феруз ручка менен венасын кесүүгө аракет кылган. Соттук приставдар аны кармап калышкан.

Феруз кармалып турган жайга «Новая газетанын" редактору Дмитрий Муратов барып келген. Муратов Орусия Ички иштер министрлигиндеги коомдук кеңештин мүчөсү болгон үчүн ал жерге кирүүгө укугу бар эле. Кийин Муратов Ферузду атайын жайга алып барткан учурда сабалган деп айтып чыкты. Адвокаттардын айтымында бул боюнча Феруз прокуратурага арыз менен кайрылган.

Өзбекстанда журналистти эмне күтөт?

Али Феруз 2011-жылдан бери Орусия аймагында жашайт. Өзбекстанда бийлик менен келишпестиктен улам, чыгып кеткенин айтып келүүдө. Тагыраагы атайын кызматтар кзыматташууга мажбурлашкан дейт ал.

Өзбекстан бийлиги болсо Феруз "Ат-Такфир валь-Хиджра" деп аталган ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний радикалдуу уюмга кишилерди азгырган деген шек менен айыпталган деп билдирип келет.

Журналист өзүнүн Орусия аймагына келгенин мыйзамдаштыруу боюнча укук коргоо органдарына 2014-жылы гана кайрылган экен. Анткени эки жыл мурун паспортун жоготуп жиберип, «үйдөн чыгуудан да коркуп, кыйноолордон кийин реабилитациядан өтүп жаткамын» деп тушүндүргөн.

Анын айтымында Өзбекстанда кыйноолорго алынган. (AbA)