Кенияда президенттик шайлоо өтүп жатат

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Шайлоо участкаларында кээ бир шайлоочулар түн ортосунан бери кезекте турушат.

Кениянын калкы бүгүн президентти шайлап жатат. Негизги күрөш азыркы президент Ухуру Кенятти менен оппозициялык талапкер Райла Одинганын ортосунда жүрүүдө.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кениядагы президенттик шайлоо

Президенттик шайлоо менен бир эле учурда парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор өтүп жатат. Ошондуктан добуш берүү жайларында алты ар башка үкөк пайдаланылууда. Алардын эң маанилүүсү президенттик шайлоого тийиштүүсү.

Ɵлкөдө жалпысынан 20 миллион шайлоочу бар. Мамлекет бурмалоолорго жол бербеш үчүн электрондук добуш берүүнү пайдаланууда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Азыркы президент Кениатти кениялыктарды өлкөнү бириктирүүгө чакырууда.

Бирок Найробиден Би-Би-Си кабарчысы Аластер Лейтхэд билдиргендей, мындан он жыл мурда болгон шайлоодон кийинки кан төгүүлөр кениялыктардын эсинен кете элек.

Шайлоодон кийин этникалык чыр-чатак чыuып, кан төгүлүп, жүздөгөн адамдар курман болгон.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Оппозициянын лидери Райла Одинга президенттик кызмат үчүн төртүнчү жолу ат салышууда

Негизги күрөш азыркы президент Ухуру Кениятти менен оппозициянын талапкери Райл Оддингдин ортосунда болуп жатат. Оппозиция лидери Ал 72 жашта, төртүнчү жолу президенттик кызмат үчүн ат салышууда.

Коопсуздук кызматтарынын он миңдеген кызматкерлери бүт өлкө боюнча шайлоо участкаларына көз салып турушат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар