КЭДР АКШнын Гуамдагы базасына сокку урам деп коркутту

Тынч океандагы Гуам аралында америкалык Андерсен авиабазасы жана Апра-Харбор Аскер-деңиз базасы жайгашкан. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Тынч океандагы Гуам аралында америкалык Андерсен авиабазасы жайгашкан.

Түндүк Корея Дональд Трамптын сөзүнө жооп кылып, Тынч океандын батыш бөлүгүндөгү АКШнын Гуам аскердик объектилерине сокку урууну караштырып жатканын айтты.

Мунун алдында АКШ президенти эгерде Пхеньяндын аракети Америкага коркунуч жаратса, анда жер менен жексен кыларан билдирген эле.

Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги жарыяланган билдирүүсүндө, КЭДР аскерлери «кол салуу планын «астейдил карап» жатканы, орточо аралыкка атылган "Хвасон-12" ракетасын колдонуу планы айтылган.

Билдирүүдө түндүк кореялык аскер өкүлдөрүнө шилтеме берилип, "бул план лидер Ким Чен Ын чечим кабыл алары менен аракетке өтөт" деп белгиленген.

Тынч океандагы Гуам аралында америкалык Андерсен авиабазасы жана Апра-Харбор Аскер-деңиз базасы жайгашкан.

Трамптын опузасы болсо КЭДР өзүндө бар ракеталарга орното турган жаңы өзөктүк дүрмөттү иштеп чыкканы тууралуу кабарлардан кийин айтылган эле. КЭДР тарабынан жаңы коркунуч жаралганы тууралуу Washington Post басылмасы жазып чыккан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШ менен КЭДР лидери соңку апталарда кескин билдирүүлөрдү жасады.

Бул болсо Түндүк Корея өзөктүк куралды өтө тездик менен иштеп чыгуу аракетин көрүп жатканынан кабар берет.

Катаал санкциялар

БУУнун Коопсуздук кеңеши бир нече күн мурун КЭДРге карата санкцияларды катаалдаштырууну бир добуштан колдогон.

Пхеньянга каршы БУУнун резолюциясына Вашингтон демилгечи болду. Мындай чечим Пхеньян бир айдын ичинде эки ирет континенттер аралык баллистикалык ракетасын учургандан кийин кабыл алынды.

Резолюцияга ылайык КЭДРден импорттолгон бир катар товарларга тыюу салынып, КЭДРдин сырткы соода боюнча банк эсептери тоңдуруу, ошондой эле деңиз кемелеринин портко кирүүсүнө тыюу салынды.

Резолюцияны сунуштаган америкалык тараптын эсептөөсүндө бул санкциялар Пхеньяндын жылдык валюталык киршесин үч эсеге азайтат.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption "Хвасон-14" баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүү учуру.

БУУга мүчө өлкөлөр өз аймагында КЭДР менен биргеликте ишканаларды ачпайт жана бар ишканаларды кеңейтпейт, түндүк кореялык жумушчуларды ишке алууда санын ашырбайт деген милдеттемелер бар. Ошондой эле өзөктүк курал боюнча программага байланышы бар кишилерге да санкциялар каралган.(AbA)

Тектеш темалар