"Реал" УЕФАнын Суперкубогун кыйынчылыксыз жеңди

24-минутада Каземиро эсепти ачып, экинчи бөлүктүн башында Иско экинчи топту киргизди. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 24-минутада Каземиро эсепти ачып, экинчи бөлүктүн башында Иско экинчи топту киргизди.

Испандык "Реал" Скопьеде 30 градус ысыкта өткөн беттеште англиялык "Манчестер Юнайтед" командасынын үстүнөн жеңишке жетишип, 1990-жылдан бери биринчи жолу УЕФА Суперкубогун эки жыл катарынан уткан команда болуп калды.

Королдук клуб жашыл талаада баштан-аяк үстөмдүгүн көрсөттү.

24-минутада Каземиро эсепти ачып, экинчи бөлүктүн башында Иско экинчи топту киргизди.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Роналду оюндун 84-минутасында гана жашыл талаага түштү.

Жозе Моуринью командасы бир топ менен жооп берди. Аны жакында эле "Эвертондон" дээрлик 100 млн. долларга сатып алынган Ромелу Лукаку дарбазага жолдоду.

Македония баш калаасындагы ысык аба ырайына байланыштуу беттештин калысы оюнду эки жолу токтотту. Мындай кылганга УЕФА эрежелери жол берет.

"Реал" оюнду көзөмөлүнөн чыгарган жок. "МЮ" болгону 39% топту көзөмөлдөдү.

Бейл кайрадан оюнда

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Моуринью "Реалды" бир да жолу жеңе алган эмес: беш беттештин бирөөсү гана тең чыгып, төрт жолу утулду.

Беттештин алдында португалиялык машыктыруучу эгерде испандыктар макул болсо Бейлды сатып алууга кызыкдар экенин айтты. Бирок анын негизги курам менен чыкканы анын мадриддик клубда кала турганынан кабар берет деп кошумчалады ал. Зидан бул жолу Бейлды Роналдунун ордуна чыгарды.

Буга эми башкача деле түшүндүрмө болушу мүмкүн: «Алтын топту» төрт жолу алган Роналду конфедерация кубогунан кийин эс алып, жакында гана машыгууга кайтып келген.

Бейл азырынча клубдан кетүү ниети жок экенин айтып жатат. 28 жаштагы чабуулчу өткөн сезондо өзүн жакшы көрсөтө алган жок. Эгерде испандык клуб "Монакодон" Килиана Мбаппени сатып алчу болсо, анда Бейл позициясын жоготушу мүмкүн.

Эми кыскача статистика:

  • Испандык клубдар соңку тогуз жолу өткөн УЕФА Суперкубогун сегиз ирет утуп алышты.
  • «Реал" аны төрт жолу утту. "Милан" менен "Барселона" гана беш ирет утушкан.
  • Моуринью "Реалды" бир да жолу жеңе алган эмес: беш беттештин бирөөсү гана тең чыгып, төрт жолу утулду.
  • Моуринью Суперкубок беттешине үч жолу катышкан машыктыруучу болуп калды.

Мындан кийинки беттештер

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Бейл 2013-жылы "Тоттенхэм" клубунан "Реалга" рекорддук 85 млн фунтка өткөн эле.

Англия премьер-лигасындагы өткөн сезондогу ийгиликсиз оюндарынан кийин "Юнайтед" алдыдагы жекшембиде жаңы сезонду "Вест Хэмге" каршы өз талаасында беттеш өткөрөт.

Ушул эле күнү "Реал" дагы бир суперкубок үчүн беттешет. Бул жолу испан суперкубогу үчүн катаал жана күчтүү атаандашы "Барселона" менен каталондуктардын "Камп Ноу" стадионунда бет келмекчи.

Тектеш темалар