Ленинди камакка албай койгон киши - Александр Керенский

Александр Керенский Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Большевиктер тарабынан бийликтен сүрүлгөн Александр Керенский 1970-жылы 11-июнда Нью-Йоркто каза тапкан. Анын эмиграциядагы тагдыры кандай болгону тууралуу эскерүүнү сунуштайбыз.

Керенский биринчи жолу Нью-Йоркко S. S. Olympia кемеси менен 1927-жылы февралда келген. Анын Америкада федералдык прокурор жана Республикалык партиянын активисти Кеннет Симпсон жана анын жубайы Хелен менен жолугуп калганы кийинки тагдырына таасирин тийгизген. Хелен Нью-Йоркто киийнки ондогон жылдар боюу Керенскийге жардам берген.

Чоочун конок «маанайы көтөрүлүп жана жакында советтик түзүмдү сүрүп салуу боюнча алдынала айта баштады» деп жазат анын америкалык биографы Ричард Абрахам.

Бөтөн өлкөдөгү реалдууулукка тез эле көнүшүп кеткен Керенский: «Мен лидери саналган орус демократтары жана республикачылар, алардын Орусиядагы ишине Америка кандай жардам бергенин эч качан унутпайт» (Керенскийдин сапарын ал королдук үй-бүлөнүн мүчөсү сыяктуу көкөкөлөтүп чагылдырган New York Times басылмасынан алынган цитата) деп билдирген.

Басылманын кабарчысы аны «укмуштуудай энергиялуу инсан» деп мүнөздөйт.

Шаардагы орустар Керенскийди суз гана кабыл алышкан. Бирок анын 1927-жылдын 13-февралындагы Century театрындагы кайрылуусуна көп киши келген. Монархисттер дагы, солчулдар да келишкен. Бул зал беши миң кишиге ылайыкталган экен. Бирок кызыл кулактар билеттерди эки эсе кымбат сата башташкан. Кийин театрды 7 миңдей киши жыйыналып калганда, полиция чакырууга аргасыз болушту.

Баары тынчтанып калгандагы сүрөттөлүш мындай эле, бир топ оокаттуу монархисттер жерге эле олтурушту, ал эми солчулдар театрдагы балконду ээлеп алышты. Оратор чыккан учурда алардын эч кимиси ордунан козголушкан жок. Ал эми калган аудитория тикесинен тик туруп алып кол чаап жатты.

Кооз букет көтөргөн кыз Керенскийдин маңдайына келип, гүл менен аны үч жолу бетине чаап жиберген.

«Орусияны талкалаган киши»

Бул көрүнүш нью-йорктук эмигранттардын эсинде көпкө чейин сакталып калган. Бул тууралуу жакында эле мага эс тутуму шумдуктай болгон 93 жаштагы сүрөтчү Сергей Голлербах айтып берген эле.

Ричард Абрахамдын жазганына караганда, гүл менен Керенскийди чаап жиберген кыз аны 1917-жылы каза тапкан агасы жана сүйлөшүп жүргөн офицер жигитинин өлүмү үчүн жооптуу деп эсептеген экен.

Нью-йорктук карыя эмигранттар арасында аны көп жактыра беришкен эмес.

Ал эмес иккаяларды чыгарышкан. Орус кемпир көчөдө баратып, жолдун аркы бетинде турган Керенскийди сөөмөйү менен көрсөтүп небересине «Орусияны талкалаган киши» деп айтыптыр деген өңдүү кеп-сөздөрдү аңгеме кылып айтышкан.

«Аны Ленинди камакка албай койгонун кечире алышкан эмес»,-дейт Голлербах.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Александр Керенский в эфире Русской службы Би-би-си в 1949 году.

1938-жылдын 1-мартында Керенский экинчи ирет Нью-Йоркко келет. Бул мезгилде СССРде тазалоо жүрүп, жан кулактын учунда болуп турган учур эле. Советтик агенттер эмигранттарды Парижден да уурдап кетип турган. Ошондуктан ал жерде Керенский өзүн кооптуу сезген.

Керенский өзүнүн сүйлөшүп жүргөн кызы австралиялык Нелл (Лидией Эллен Триттон) менен сүйлөшүү үчүн англис тилин үйрөнүүгө киришет. Экөөсү тең орусча билбегендиктен француз тилин колдонушкан. Ал АКШга кайра келгенден кийин деле «большевиктердин режими кулайт» деген үмүтүнөн жанган эмес. 1939-жылы ал Нелл менен баш кошкон.

1940-жылы Парижге немистердин армиясы жакындап калган учурда, 12-июлда Керенский Европадан качып, АКШга кайра келген. Германия СССРге кол салгандан кийин Керенский «азыр Сталин менен эсеп жүргүзө турган учур эмес» деп билдирген. Бирок андан баары бир катар маселерде артка чегинүүнү талап кылган. 2-июлда ал Вашингтондогу британ элчиси лорд Галифакска сунуш менен кайрылат. Анда Гитлер өзүн бошотуучу катары көрсөтө албай калыш үчүн колхоздорду таратып, элдин эркине коюга Сталинди көндүрүшсө, аны ачык колдоп чыгары айтылат. Ал өмүрүн тобокелге байлап, Москвага да барууга камынат. Англиянын элчиси менен эле чектелбей, Сталиндин жеке өзүнө да телеграмма жөнөткөн. Бирок Керенскийдин билдирүүлөрү жоопсуз калган.

Ал тынчтана алган эмес. Перл-Харбордон кийин америкалык жардамга үмүт этип, Сталинди Японияга согуш жарыялоого чакырган. 1942-жылы Керенский советтик элчи Максим Литвинов менен жолугушууга аракет кылат. Анысы да ийгиликсиз жана тыянаксыз болуп калган. Ушундан кийин ал коомчулуктун көзүнөн эки жылдай оолак жүрдү.

Анын Америкадагы негизги жан баккан кирешеси акы төлөнгөн лекциялар болгон. Американы түрө кыдырып, лекцияларды окуган. Анын аялына жазган англис тилиндеги биринчи каты Техастан жолдонуп, аны кубанычка бөлөгөн.

Согуштан кийин ал советтер союзунун Польша менен жаңы чек арасын жана Прибалтиканын аннексияланышын катуу коргогон. Мунусу ага болгон пикирлерди өзгөртүп, ал тургай жубайы Нелл дагы «аны башкача мүнөз күтүп калды» деп даттанган экен.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Накануне 40-й годовщины русской революции Александр Керенский дал интервью Би-би-си.

«Мындан ары саясат тууралуу сүйлөбөйм»

1947-жылы жубайы Нелл рактан каза тапкандан кийин конгрессмен Симпсондун жесири Хелен анын үйүнө көчүп келүүсүн өтүнгөн. Керенский өзүнүн Нью-Йорктогу калган өмүрүн бүт ушул үйдө жашады.

Керенский эмигранттык саясый уюмдардын ишине активдүү катышкан.

1955-жылы АКШнын мурунку президенти Герберт Гувердин сунушу менен Калифорниядагы Стэнфорд университетинин алдындагы институт тарабынан чогултулган өтө чоң архивдин үстүнөн иштеп баштайт.

Болжолу ал өзү өкмөт башына келген 1917-жылдын тарыхын жазууга муну колдонгон.

Керенский жана тарыхчы Роберт Браудер 1961-жылы көп сандагы документтердин топтомунан турган үч томдук The Russian Provisional Government, 1917 [Орусиялык убактылуу өкмөт] деген китепти жарыкка чыгарышты.

Керенский Стэнфорддо жана андан киийн Миллс-колежде сабак берип, студенттер арасында абдан популярдуу болгон. 80 жашын ал күлүү-күчтүү тосуп алган.

Сүрөттүн автордук укугу Частное собрание. Нью-Йорк, США
Image caption Мурда эч жакка жарыяланбаган Керенскийдин каты. Кат өндүрүшчү жана филантроп Владимир Башкировго жолдонгон.

«Ийгиликсиз ыңкылаптын символу»

1967-жыл сыноо жылы болду. Бир жагынан карыя Керенскийге көп эле комплименттер айтылды жана Светлана Сталиндин жылуу маанайдагы телефон коңгуроосу болду. Экинчи жагынан, Керенскийди ыңкылаптын 50 жылдыгына карата жарыяланган тенденциялык материалдардыг агымы бир топ түйшөлттү.

Дээрлик көзү көрбөй калган кучурдагы кайрылуусунда (Overseas Press Club) акыр аягы моюнуна алып: «Мен өз өлкөмдө эркиндиктин жаралганын көрбөй турам...Бирок силер көрөсүңөр!",-деп айткан.

Лениндин 100 жылдыгы белгиленип жаткан 1970-жылы 11-июнда 89 жашка келген Керенский Нью-Йорктогу St. Luke's ооруканасында көз жумган.

«Жаңы орус сөзү» басылмасы коштошуу зыйнатында аны "компромисске барбаган, жалгыздыкта жандаган адам эле" деп мүнөздөдү.

Керенскийдин табытын Нью-Йоркто 350 киши коштоп чыгып, кийин аны учак менен Лондонго алып келишип, Putney Vale көрүстөнүнө жерге беришкен. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар