Париждин четинде жоокерлер тобун автоунаа сүзүп кетти

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Автоунаа сүзүп кеткенден кийин жарадар болгон жоокерлерге дарыгерлер жардам көрсөтүп жатат

Париждин түндүк-батышындагы Леваллуа-Перреде жоокерлердин тобун BMW автоунаасы сүзүп кетти. Алты адам жарадар болду, экөөнүн абалы оор.

Бул инцидент жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат сегизде болду. Күбөлөрдүн айтымында, алты адам жарадар болду, экөөнүн абалы оор.

Полиция бул маалыматты ырастады, бирок жабыркагандардын өмүрүнө коркунуч жок деп жатат.

Автоунаанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткенге үлгүргөн, азыр аны издеп жатышат.

BFM TV телеканалынын маалыматына караганда, жоокерлер казармадан чыгып баратканда автоунаанын соккусуна кабылышкан.

"Бул атайы жасалган иш", - деп билдирди Леваллуа-Перре райондук управасынын башчысы Патрик Балкани.

Анын айтымында, кол салган адам автоунаасын казарманын маңдайындагы аллеяда токтотуп, аскерлердин казармадан чыгышын күтүп турган.

Ошол эле учурда Le Figaro полициядагы булактарга таянып, айдоочунун кандай ойдо болгонун айтуу эрте дейт.

"Терроризмби, арак ичип мас болгонбу, психикалык проблемабы... Бардык варианттар каралууда", - деген газетанын маектеши.

Францияда 2015-жылдан бери өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат. Режим 2015-жылы 13-ноябрда 130 адамдын өлүмүнө алып келген теракт окуялардан кийин киргизилген.

2017-жылы июлда Франциянын парламенти өзгөчө кырдаал режимин 1-ноябрга чейин узартуу мыйзамын колдоп берген.

Тектеш темалар