КЭДР ядердик коркунучу: согуш кооптуулугу канчалык?

КЭДР лидери өзөктүк куралдын сыноолорунун айрымдарына жеке өзү катышып олтурган. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption КЭДР лидери өзөктүк куралдын сыноолорунун айрымдарына жеке өзү катышып олтурган.

Түндүк Кореянын өзөктүк программасы жана ракеталык сыноолорунун тегерегиндеги кризис бүгүнкү күндө жаңы жана мурункудан да кооптуу абалга өсүп жетти.

Ондогон жылдар ичинде эл аралык коомчулук Пхеньянды куралдануудан баш тартууга көндүрүү аракетин көрүп келди. Буга чейин Түндүк Кореянын ракетанын жардамы аркылуу каалаган бутасына жете ала турган өзөктүк куралды жасай алышы күмөн жаратып келген эле. Бирок азыр баары өзгөрдү.

Түндүк Кореянын аскердик потенциалына так баа берүү мүмкүн эмес.

Пхеньян болсо АКШнын аймагына жете турган ракетасы бар экенин айтып жатат. Анан калса соңку өткөрүлгөн сыноолор батыш эксперттерин бул балким чын болуп жүрбөсүн деп болжоого аргасыз кылды.

Япон өкмөтүнүн болжолунда КЭДР өзөктүк куралдын дүрмөтүн ракетага ылайыктап кичирейте алат. АКШ бийлиги дагы ушундай эле пикирде, Түндүк Корея анчейин чоң эмес көлөмдөгү өзөктүк куралдын дүрмөтүн иштеп чыккан деп эсептейт. Бирок азырынча бул маалыматтарды тактоого мүмкүн эмес болуп турат.

Үмүттүн шооласы

Эми мына ушундай мезгилдин Дональд Трамптын президенттигинин башталышына туура келип калганын таң каларлык тарыхый дал келүү деп атаса болчудай.

Бир тарабынан бул ядердик кризисти дагы күчөттү, экинчи жагынан маселени чечүүгө үмүт отун да жандыргансыды.

Америкалык президенттин твиттериндеги байкалып жаткан сырткы саясаттагы хаос жана тажрыйбасыздыгы көптөр үчүн тынчсызданууга негиз болду.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри (ортодо) Манилада өткөн Түштүк-чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) форумунда.

Түндүк кореялык лидер Ким Чен Ынды Батышта алдынала айтууга болбой турган киши катары кабыл алышат. Эмне болуптур, эми АКШнын бийлигине да ошондой алдынала айтууга мүмкүн болбогон киши келбедиби. Эгерде АКШнын мурунку Коргоо министринин сөзүн келтирсек, анда Трампты «белгисиз белгилүү» деп атаса да болот. Анын реакциясы кандай болорун эч ким билбейт.

Бул кырдаалды андан кооптуу кылат, бирок ошол эле учурда көптөрдү ойлонууга мажбурлайт. Биринчи кезекте Пекинди.

АКШнын сырткы саясаты эмнени көздөп турганын биз анык билбейбиз. Дипломатиялык татаал системада чечмелөөнүн так болгону маанилүү. Андыктан америкалык сырткы саясатты ким жүргүзөт?

Балким бул Пхеньян менен сүйлөшүүлөрдү караштырып жаткан мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон (Трамп деле мындай сүйлөшүү мүмкүндүгүн айтты да) болуп жүрбөсүн? Же ал Пхеньянга сес көрсөтүп жаткан "твиттер-мейстердин" өзүбү?

Талашсыз, эми кырдаал чече турган абалына чейин өсүп жетти. Түндүк Кореянын ийгилиги эми анын АКШны ядердик сокку менен олуттуу түрдө коркута алгандыгы.

Бул оюндун эрежесин өзгөртүп, Трамптын администрациясы дагы, Кытай, Түштүк Корея, Японияга көп тарабынан оор жана жагымсыз чечим кабыл алууга туура келип турат.

Image caption Пхеньян болсо АКШнын аймагына жете турган ракетасы бар экенин айтып жатат

Биринчи вариант бул -болгон мүмкүнчүлүк менен КЭДР режимине ачык каршы туруу. Анын ичинде санкциялардын киргизилиши, чөлкөмдөгү аскердик кубатын күчтөндүрүү, ал тургай согушка даярдык көрүү. Башкача айтканда, кандай жол менен болсо да Пхеньяндагы режимди алмаштыруу.

Бул вариант Корей жарым аралындагы чоң кармашка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан драммадагы негизги дипломатиялык оюнчу Кытайдын табитине туура келбейт.

Мындан башкача дагы айла бар. Биз азыр так ушуну көздөй бара жатабыз.

Бул эми өткөн аптадагы БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялардын катаалдашканы. Мунун менен КЭДРдин сырткы кирешеден көз каранды болгон тармактарына соода эмбаргосу салынды. Андан сырткары АКШ өзүнүн союздаштарына коргонууга ылайыкталган куралдарды жеткирип берүүнү караштырууда. Маселен, ракетага каршы коргонуучу THAAD комплексин Түштүк Кореяга жайгаштыруу.

Бирок эми бул маселенин чечүүнүн жолу эмес. Дагы бир вариант - дипломатия. Өзгөчө бүгүнкү күндө мындай тапшырманы аткаруу татаал иш болуп калды.

Санкциялардын катаалдашканы маанилүү чечим. Аны Кытай жана Орусия дагы колдоого алып, Пекин КЭДР бийлигин ядердик жана ракеталык сыноолорун өткөрүүнү токтотууга чакырды.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption КЭДРде ракеталык сыноолорго арналган почта маркаларынын сериясы чыгарылды.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри Манилада өткөн Түштүк-чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) форумуна катышты. Бирок анын сөзү мурункудай эле катаал болду.

Бирок айтылган катаал билдирүүлөргө карабастан тараптар мындан тыянак чыгарыш керек болуп турат. Кризис мындан ары кандай өнүгөт? Дипломатиялык диолог боло турган мейкиндик түзүүгө болобу?

Сигналды күтүп

Мурда дипломатияга сөзсүз акыр-аягына чейин аракеттер болуп келген. Буга 1994-жылы Энергетиканы өнүктүрүү боюнча Корея уюмунун (KEDO) уюштурулганын эске салуу жетиштүү мисал болсо керек.

Бул уюм КЭДРге эки атомдук электростанция куруп, ал үчүн Түндүк Корея ядердик инфраструктурасын белгилүү өлчөмдө кыскартмак.

Вашингтон менен Пхеньяндын мамилесин жакшыртуу боюнча план түзүлүп, Түндүк Кореянын атомдук объектилери МАГАТЭ инспекторлору үчүн ачылган.

Бирок KEDO 2002-жылы КЭДРдин уранды байытуу боюнча жашыруун программасы бар деген АКШнын кооптонуусунан кийин жабылып калды. Чет элдик инспекторлор өлкөдөн чыгып кетти.

KEDOнун Түндүк Кореядагы ядердик программага байланышкан атомдук обьектилерин жабуу боюнча так максаты бар эле. Бирок бул 20 жыл мурун болгон аракеттер. Азыр эми КЭДРдин өзөктүк программасын кыскартуу мүмкүн эместей көрүнөт.

Дипломатиялык келишимдин жаңы максаты кандай болот? Трамптын Америкасы түндүк кореялык континенттер аралык өзөктүк ракетанын коркунучунда жашоого даярбы? Түндүк Корея дагы Ким Чен Ындын ушундай жол менен кеткенине даярбы?

Бүгүнкү күндө биз Пхеньяндан сигнал күтүп жатабыз.

Тектеш темалар