Англия премьер-лигасы 2017-18: жаңы футболдук сезон эмнени даярдап турат?

Пеп Гвардиола менен Жозе Моуринью Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Пеп Гвардиола менен Жозе Моуринью.

Англиялык каникул соңуна чыкты. Жума күнү кечинде "Арсенал" менен "Лестер Сити" Лондондун "Эмирейтс" стадионунда бет келип, дүйнөдөгү эң бай жана атактуу футбол лигасынын 26-сезонун башташат.

Жайкы сатып алууларда 1 млрд фунт короткон Англиялык премьер лигадагы командалар алдыдагы айгышкан күрөшкө даярданып жатышат. Анан калса бул ирет оюн эрежелеринде дагы жаңылануу бар.

Лондондук «Челси» менен Антонио Контенин алдында оңой эмес тапшырма турат. Алар бул жолу чемпиондук наамын коргоп кала алабы? Бул жерде анын принципиалдуу атаандашы манчестерлик командалар: Пеп Гвардиола менен Жозе Моуриньюнун "Сити" жана "Юнайтеди" тиш кайрап турат. Алар өткөн сезондогу ийгиликсиз жыйынтыктарынан кийин жаңы сезонго дымактуу келишти.

Булардан сырткары "Челсиге" атаандаштык жарата турган лондондук "Арсенал" жана "Тоттенхэм", ошондой эле "Ливерпуль" бар.

Асмандаган баалар

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жайкы трансфер өз эшигин жаба элек.

Жайкы трансфер өз эшигин жаба элек. Бирок бул жолу деле англиялык клубдар оңой эмес каражат коротушуп, дүйнөдө каржылык абалы кубаттуу экенин мактана алышты.

Каржылык кеңеш берген Deloitte адистеринин баасында, сезонго кадам таштаган англиялык топ 20 клуб 5 млрд евро иштеп табат. Ал эми Германия менен Испания клубдары - 3 млрд евро, Франция менен Италияныкы 2 млрд евро.

Азырынча оюнчуларды сатып алууга Англия премьер-лигасындагы клубдар 1 млрд фунтка чукул акча коротушту. Жайкы трансфердин эшиги жабылганга чейин алдыдагы үч аптада балким өткөн жылдагы 1,165 млрд фунт рекордду жаңырытып коюшу деле мүмкүн.

Бул ирет оюнчуларды алууда кескин кадамдарга барган Гвардиола болду. "Манчестер Сити" буга чейин бир да ирет мынча акча корото элек эле - 200 млн фунтка жаңы оюнчуларды алды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Неманью Матич менен Моуринью кайрадан бир командада.

Ал француз оюнчусу Бенжамен Мендини "Монакодон" 52 млн фунтка, португалиялык жарым коргоочу Бернард Силваны 43 млн фунтка, ошондой эле коргоочу Кайл Уокерди "Тоттенхэмден" 45 млн фунтка сатып алды.

Моуринью буга жооп кылып, 75 млн фунтка бельгиялык чабуулчу Ромелу Лукакуну "Эвертондон" сатып алды. Серрбиялык оюнчу Неманью Матичти "Челсиден" 40 млн фунтка өткөрүп алды.

Жаны эрежелер кандай?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эми мурадыгдай футбол талаасындагы темигил ала жасалгаларга тыюу салынат.

Эми мурадыгдай футбол талаасындагы темигил ала жасалгаларга тыюу салынат. Бул ирет салттуу болуп калган горизанталдуу жана ак чийиндерге гана уруксат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Симулянттарга каршы күрөштү күчөтөт.

Симулянттарга каршы күрөштү күчөтөт. Ал үчүн оюнчулардын артисттик чеберчилигин баалаган атайын комиссия иштейт. Эгерде бул комиссия мүчөлөрү бир добуштан чечим кабыл алып, оюнчулар талаада атайын чыгармачылык менен жыгылган, чагымга барган, симуляция кылган деп тапса, анда футболчуну дисквалификация күтөт.

Видео кайталоо эми техникалык аймакта турган дарыгерлер үчүн дагы ачык болот. Талаадагы кагылышуулар болуп кеткен учурлар аларга кайталап көрсөтүлөт. (AbA)

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Чемпионаттын расмий тобу - Nike Ordem V болот

Тектеш темалар