Согуштун тозогунда талкаланган Мосулдан эмне калды?

Mosul damages Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Мосулду "Ислам мамлекети" аталган күчтөрдүн согушкерлеринен бошотуу үчүн болгон айыгышкан салгылашуу шаарды урандыга айландырды, миңдеген адамды ажал жутту, аман калгандары жан соога издеп туш-тушка бүлүнүп-чачылды.

Тогуз айга созулган салгылашуу аяктаганына карабай, Мосулдун калкы эң чоң гуманитардык кризисти баштан өткөрүп жатат.

Курман болгондордун саны болжолдуу түрдө айтылып жатат. Курмандыктардын саны миңдеп же он миңдеп саналышы мүмкүн.

2016-жылдын октябрь айында шаарды согушкерлерден бошотуу операциясы башталгандан бери бир миллиондон ашык адам үй-жайын таштап качты.

Бүтүндөй кварталдар кыйроого учурады, көп адамдардын сөөктөрү урандылар алдында калууда. Ал эми көчөлөр жарыла элек снаряддар менен миналардан тазалана элек.

Мосулдун кыйроого учураган райондору, 2017-жыл, июль.

Кыйроого учураган Мосул

Спутниктен тартылган сүрөттөргө караганда, миңдеген үйлөр жана 100 км ден ашык жолдор бүтүндөй талкаланды.

2014-жылдын июнь айынан бери "Ислам мамлекети" аталган күчтөрдүн көзөмөлүндө болгон, көлөмү боюнча Ирактын экинчи шаарынын теңинен көбү урандылар алдында.

Шаарды калыбына келтирүү иши Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң чоң операция болуп калмакчы. БУУ Мосулдун инфраструктурасын калыбына келтирүү иштери бир миллиард долларга турат деп жатат.

БУУнун маалыматы боюнча согуштан Мосулдун бардык райондору тигил же бул деңгээлде жабыркады. Шаардын июнь айында бошотулган батыш бөлүгү өзгөчө көп жабыркады.

Шаардын батыш бөлүгүндө 54 турак жай районунун 15 дэрлик бүтүндөй талкаланган жана жашоого жараксыз абалда. 23 райондо да ар кандай кыйроолор бар, ал эми 16 район анчалык көп жабыркаган жок.

БУУ спутниктен тартылган сүрөттөрдүн анализине таянып он миңдей өтө кыйраган, бүтүндөй талкаланган имараттар жөнүндө айтып жаткан менен иш жүзүндө кырдаал андан да жаман болушу мүмкүн.

Эгер бул санга көп кабаттуу үйлөрдүн аянтын кошсок (аны спутниктен көрүү мүмкүн эмес), анда талкаланган имараттар болжол менен 32 миңге барабар болот.

БУУнун Ирактагы гуманитардык программа боюнча координатору Лиз Гранденин баамында, шаарды калыбына келтирүү үчүн көп жыл керек.

2016-жылдын октябрынан 2017-жылдын июль айына чейинки кыйроолор

2016-жылдын октябрь айынан 2017-жылдын июль айына чейинки кыйроолор.

1. Чабуул алдында

135 имарат кыйраган (50% - коомдук, 21% - турак үйлөр)

Мосулду бошотуу операциясынын алдында көп коомдук имараттар, анын ичинде аба майданы менен университет бузулган болчу.

2. Чабуулдун биринчи беш айында

1240 имарат кыйраган (47% -турак үйлөр)

Бошотуу операциясынын биринчи беш айында стратегиялык объектилер - жолдор, фабрика жана заводдор кыйраган, ошондой эле шаардын батышы менен чыгышын Тигр дарыясы аркылуу бириктирген беш көпүрө бузулган. Жабыркаган объектилердин жарымынан көбү турак үйлөр.

3. Чабуулдун сегиз айында

4356 имарат кыйраган (70% - турак үйлөр)

Марттан июнга чейинки үч айда согуштан талкаланган имараттардын саны төрт эсеге өскөн. Кыйраган он объектинин жетөө турак үйлөр болгон.

4. Чабуулдун тогуз айында

9519 имарат кыйраган (85% - турак үйлөр)

Бошотуу операциясынын акыркы апталарында кыйраган имараттардын саны беш миңден ашты. Алардын эң көбү Эски шаардагы турак үйлөр. Атактуу Чоң мечит дагы Мосулду бошотуу операциясынын акыркы айында талкаланды.

Спутниктен алынган маалыматтарга караганда, эң көп жабыркаган турак үйлөр болду - Эски шаарда эң кеминде 8500 үй дээрлик же бүтүндөй кыйраган. Адистер зыяндын көлөмүн эсептеп чыккандан кийин бул көрсөткүч өсүп кетиши мүмкүн.

Согуштан 130 км жол талкаланды, анын ичинен 100 км шаардын батыш бөлүгүндө.

Коалициянын аба соккуларынан Мосулдун батыш жана чыгыш жактарын бириктирген көпүрөлөр бузулган. Бул согушкерлердин биригишине тоскоол кылуу үчүн атайын жасалган.

Шаардык аба майданы, темир жол станциясы жана ооруканалар дагы урандыга айланды.

Ирактын бийликтеринин маалыматына караганда, шаардын оорукана комплексинин 80% жок кылынды. Анын ичинде ооруканалар, окуу жайлар жана лабораториялардан турган Мосулдун ири медициналык объектиси бар.

Мосулдагы кыйраган имараттар

Бошотуу операциясынын акыркы апталарында кыйраган имараттардын саны беш миңден ашты. Сүрөттүн автордук укугу AFP

Шаарды бошотуунун соңку күндөрүндө согушкерлер Мосулдун өзгөчө Эски шаарын жер менен жексен кылышты.

Ирак аскерлери согушкерлерди курчап алгандан кийин алар шаардык курулуштар жыш жайгашкан жерде жашынып жатышты.

Салгылашуунун эң кайнаган учурунда жергиликтүү тургундар өздөрүнүн үйлөрүнөн чыга албай камалып калышты. Операция бүткөндөн кийин көп адамдар өздөрүнүн үйлөрүнөн арып ачкан, жарадар абалында табылды.

Он жаштагы Амира апасынан айрылды, өзү бир бутунан жарадар болуп жалгыз калды Сүрөттүн автордук укугу RABER AZIZ

Алардын арасында он жаштагы Амира да болду. Апасы минометтун аткылоосунан курман болду, ал эми өзү бир бутунан жарадар болуп жалгыз калды.

"Мен жардам сурап кыйкыра бердим, бирок ал жооп бербей жатты... Мен кыймылдай албай жаттым",-дейт Амира.

Атасы анын эжелерин жана инисин алып куткарып кеткенде Амира жарадар болуп кулаган жеринде үч күн тамаксыз, суусуз жатып калган. Эч жактан жардам келген эмес.

Амира азыр оруканада, атасы менен башка туугандарынын эмне болгонун азыркыга чейин билбейт.

Спутниктен алынган маалыматтарга караганда, Эски шаардагы 16 миңдей турак үйдүн беш жарым миңи, ар бир үчүнчү имарат олуттуу кыйраган же бүтүндөй талкаланган. Бошотуу операциясынын акыры аптасында эле 490 турак үй жок кылынды. Реалдуу сандар мындан да көп болуп чыгышы мүмкүн.

Мосулдун эски бөлүгүнөн эмне калды?

Басыңыз

Июль 2017

Мосул Эски шаар июль 2017

Ноябрь 2015

Мосул Эски шаар ноябрь 2015

Ирак бийликтеринин маалыматына караганда, шаардагы ан-Нури Чоң мечитин 2017-жылы июнда согушкерлер жардырып салышкан. Ал эми "ИМдин" согушкерлери өз кезегинде мечит америкалык аба күчтөрүнүн соккусунан талкаланды деп билдиришкен. Бирок анын далили келтирилген эмес.

Ан-Нури Чоң мечити урандыга айланды

Басыңыз

Июль 2017

Аль-Нури чоң мечити, июль 2017

Ноябрь 2015

Аль-Нури чоң мечити, ноябрь 2015
Ан-Нури Чоң мечити, июль 2014-ж. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Ан-Нури Чоң мечити, июль 2014-ж.
Ан-Нури Чоң мечити, июль 2017-ж. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ан-Нури Чоң мечити, июль 2017-ж.

Шаардын башкы символдорунун бири болгон Мечеттин кыйшык мунарасы сегиз кылымдан берки соккулар менен чабуулдарга чыдап, акыры 2017-жылы 22-июнда кулады.

Аль-Хадба минарети, 20-июнь 2017-ж. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Аль-Хадба минарети, 20-июнь 2017-ж.
Аль-Хадба минарети, 22-июнь 2017-ж. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Аль-Хадба минарети, 22-июнь 2017-ж.

Калктын массалык качышы

Мосулдун жашоочулары эң оор трагедиянын баштан кечиришти. Канча адам курман болгону азыркыга чейин так белгилүү эмес.

БУУнун соңку маалыматтары боюнча, 2017-жылдын январындагы каттоо боюнча 2463 адам курман болду. Бирок андан бери Amnesty International уюмунун эле маалыматы боюнча аба соккуларынан эле 5805 адам жер жазданды.

Британдык басма сөздө жарыяланган күрттөрдүн чалгын маалыматтарына караганда, Мосулдагы согуштан 40 миң адамдын өмүрү жайрады.

Ɵлгөндөрдүн сөөктөрүн азыр дагы урандылардын алдынан таап жатышат, ошондуктан так сандар кийин белгилүү болот.

Жергиликтүү элдин бир миллиону - Мосулдун калкынын тең жарымы - бошотуу операциясы башталганда үй-жайын таштап качты.

БУУнун маалыматы боюнча алардын тең жарымы балдар. Андан сырткары эң чоң бөлүгү - 700 миңи Мосулдун өзгөчө жабыркаган батыш тарабынын жашоочулары.

Жергиликтүү жашоочуларды эвакуация кылуу операциясы азыркы тарыхтагы эң ирилердин бири болуп калды.

2017-жылы августтун башына карата 800 миң адам аргасыз журт которгон адам деп эсептелген. Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматы боюнча алардын теңинен көбү качкындар лагерлеринде баш калкалашкан. Калгандары же үйлөрүнө кайтышты, же бүтүн калган үйлөрдө туугандары менен досторунукунда жашоодо.

Калктын массалык качышы

Согуштун тозогунда талкаланган Мосулдан эмне калды?

Эл кайда качты?

Эл кайда качты

440 миң адам качкындар лагерлеринде баш калкалоодо. Эң көп адам чабуулдун соңку айларында кетти. Көп адамдар Мосулдан чыгып кеткен менен үйлөрү талкаланган көп жашоочулар иш жүзүндө шаардын эле чек арасында калышты. Мосулдун өзүнүн ичинде көчүп конгондор 100 миң адам болуп саналат.

Авторлор: Люси Роджерс, Нассон Стилиану и Дэниел Данфорд. Амира менен маек кургандар: Миграция боюнча эл аралык уюм (IOM), Джума менен маек: Наджим Абдулла, БУУнун качкындар боюнча башкы башкармалыгы (UNHCR). *"Ислам мамлекети" - Кыргызстанда, Россияда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган экстремисттик топ.