Помпео: Түндүк Корея тараптан ядердик коркунуч азырынча жок

Түндүк Кореянын АКШ аймагына жете турган ядердик куралды жасаганын айтканы канчалык ынанымдуу деген суроого Майк Помпео "эми алар буга жакын" деп жооп берген. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Түндүк Кореянын АКШ аймагына жете турган ядердик куралды жасаганын айтканы канчалык ынанымдуу деген суроого Майк Помпео "эми алар буга жакын" деп жооп берген.

АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын директору Майк Помпео Түндүк Корея менен мамиледе чыңалуу өсүп жатканына карабастан, ядердик согушка алып келе турган түздөн-түз коркунуч жок деп билдирди.

Бирок Пхеньяндын куралдануу программасы күчөгөн темп менен өсүп, «чоң тынчсызданууларды» жаратып жатканын айткан Помпео, Түндүк Кореянын жаңы ракеталык сыноолору эч кимди таң калтырбашы керек деди.

Fox News каналына берген интервьюсунда Борбордук чалгындоо кызматынын директору Вашингтон Пхеньяндын ракеталык жана ядердик күчтөнүүсүнө буга чейинки "стратегиялык чыдамы" түгөндү деп баса белгиледи.

Түндүк Кореянын АКШ аймагына жете турган ядердик куралды жасаганын айтканы канчалык ынанымдуу деген суроого Майк Помпео "эми алар буга жакын" деп жооп берген.

"Биз согуш босогосунда турганыбызы тууралуу айтып жаткандарды угуп жатам. Бирок чалгын маалыматтары мындай коркунучту көрсөткөн жери жок»,-деди Майк Помпео.

Өткөн апталарда Түндүк Кореянын жаңы өзөктүк ракетанын дүрмөтүн иштеп чыкканы тууралуу кабарлар маалымат каражаттарына тараган эле. Ушундан кийин АКШ президенти Дональд Трамп эгер АКШга коркунуч жарала турган болсо Пхеньян «көргүлүктү көрөрүн» эскертти.

Буга жооп кылып Түндүк Корея Тынч океандагы Гуам аралында жайгашкан АКШнын аскер базаларына ракеталык сокку уруу планын жарыялады. (AbA)

Тектеш темалар