Буркина-Фасо: террорчулар ресторанда олтурган кишилерге ок атты

Ресторан курчоого алынып, атайын операция уланып жатат. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Ресторан курчоого алынып, атайын операция уланып жатат.

Буркина-Фасонун баш калаасы Уагадугада «террордук кол салуудан» 17 киши мерт болуп, сегиз киши жаракат алды деп кабарлады өкмөттүк булактар.

Күбөлөрдүн айтымында, куралдуу кишилер мейманкана менен ресторандын жанындагы жол боюнда эс алып олтургандарга ок аткан.

Өлкөнүн Байланыш министри Ремис Данджиндин айтымында, кол салгандардын үчөө коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөн. Бирок кол салгандардын саны канча болгону белгисиз.

"Кол салгандар ошол жердеги имаратка жашырынып алышкан. Элиталык аскер бөлүгү атайын операция өткөрүп жатат»,-деп кошумчалады министр.

Баш калаанын борбордук бөлүгүн армия курчоого алды. АКШ бийлиги өз жарандарын Уагадугадагы бул райондон алыс болууга чакырды.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

«Бул кол салууга Сахаранын түштүгүндө аракеттенип жаткан "Аль-Каиданын» бутактарына таандык согушкерлердин тиешеси болушу мүмкүн деген коркунуч бар»,-деди Би-би-си кабарчысы Алекс Дювал-Смит.

Кол салууга кабылган ушул эле көчөдө өткөн жылы да кан төгүлгөн. Өткөн жылдын январь айында 170 киши барымтага алынып, жыйынтыгында алардын 30 мерт болгон. Бул кол салууга жоопкерчиликти "Аль-Каида" моюнуна алган эле.

Буркина-Фасо 2012-жылдан бери куралдуу диний топтор аракеттенип жаткан Мали менен чектешкен өлкө. (AbA)

Тектеш темалар