WHO: Йеменде холера оорусуна чалдыккандар жарым миллионго жетти

Холера оорусуна чалдыккан адамдардын медициналык жардамга жеткендеринин 99% сакайып кете алышат. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Холера оорусуна чалдыккан адамдардын медициналык жардамга жеткендеринин 99% сакайып кете алышат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Йеменде холера оорусуна чалдыккандар жарым миллионго жеткенин кабарлады. Алардын маалыматына караганда, аталган оору тездик менен жайылып, миллиондогон адам медициналык жардамга жана таза сууга муктаж болуп жатышат.

Женевадан Би-Би-Си кабарчысы Иможен Фолкс жиберген маалыматка караганда, дүйнө боюнча Йеменде холера жуктургандар эң көп болуп саналат жана оору тездик менен жайылууда.

Айрым аймактарда ооруну каттоо азайганы менен, Йемендин көп жеринде холера менен ооругандар көп.

Бул өлкөдө оорудан улам эки миңдей адам каза тапканы айтылды, бирок саламатттык сактоо жаатындагы эксперттер оорудан каза болгондор мындан да көп болушу мүмкүн деп жатат.

Алар көптөгөн бейтаптар, балким, ооруканага жетпей же медициналык жардам албай жан берди деп айтышууда. Оору тездик менен жайылып, жарым миллион адамга жуккандыктан, Йемендеги медициналык кызматкерлер кыйынчылык тартууда. Алар оору өлкө тышына да жайылып кетпесин деп кооптонуп турушат.

Йемендеги конфликт дагы оорунун жайылышына негизги себептердин бири болууда. Бул жакта айрым ооруканалар кыйраган, суу тартыш, ошондой эле порттор жана жолдор жабык, дары-дармек ташуу оор болуп жатат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында, Йеменде күн сайын холера жуктурган беш миңге жакын жаңы учурлар катталууда. Адатта холера санитардык-гигиеналык начар шарттары бар аймактарда көп тарайт.

2014-жылдын август айынан бери Йеменде Сауд Арабия колдоого алган бийлик менен шийит козголоңчулары (хуситтер) ортосундагы жаңжал токтобой жатат. Конфликт 2015-жылдын мартынан тарта күчөдү. Ошондон бери БУУнун эсебинде 8 миң киши каза тапты. Алардын көпчүлүгү жайкын тургундар.

Согушка байланыштуу дээрлик 7,6 млн киши таза суу тартыш аймактарда жашап келүүдө. Тамак-аштын жетишсиздиги, таза сууну жоктугу, санитардык-гигиеналык начар шарттар, медициналык жардамдын жоктугу, мунун баары Йеменде ар кандай инфекциялардын тароосун шарттады

БУУ өзүнүн кызматкерлерин аймакка жөнөтүп, түшүндүрүү иштерин күчөтүп жатат. Уюмдун маалыматына караганда 16,8 млн киши, Йемендин дээрлик 70 пайыз калкы чукул гуманитардык жардамга муктаж болуп турат. Дээрлик жети миллион киши ачарчылыкка кабылды.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар