Украина Түндүк Кореяга ракета тетиктерин жөнөткөнүн четке какты

(Ким Чен ЫН) Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption "Түндүк Кореянын ракеталык программасы соңку эки жылда чоң ийгиликтерди жасады»,-деп эсептейт баяндаманын авторлору.

Украина бийлиги "Южмаш" заводунда даярдалган ракеталык кыймылдаткычтардын түндүк кореялык баллистикалык ракетада колдонулушу мүмкүн эмес деп айтып чыкты.

Мунун тегерегиндеги ызы-чуу New York Times басылмасы эксперттерге шилтеме берип жазып чыккандан кийин башталган.

Басылма Пхеньян ракеталык кыймылдаткычтарды украиналык заводдон алган болушу мүмкүндүгүн жазат.

"Бул маалыматта эч кандай негиз жок жана чагымчылдык мүнөздө жазылган»,-деди Украинанын Коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Александр Турчинов.

"Украина ракеталык кыймылдаткычтарды жана ар кандай эле ракеталык технологияны эч качан Түндүк Кореяга жөнөткөн эмес,-деп баса белгилеген Турчинов. Мунун артында орусиялык атайын кызматтар турушу мүмкүн экенин айтууда.

"Южмаш" заводу дагы өз дарегине айтылган айыптоону четке какты.

"Заводдо ракета жана аскердик багыттагы ракеталык комплекстер эгемендик жылдардан бери чыгарылбай калган жана чыгарылбайт»,-деп айтылды ишкананын билдирүүсүндө.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Украиналык "Батькивщина" партиясынын лидери Юлия Тимошенко мындай кырдаал үчүн жоопкерчиликти президент Петр Порошенко жана премьер-министр Владимир Гройсманга жүктөп жиберди.

"Эгерде бул маалымат чын болсо, анда Украина санкцияга кабылышы мүмкүн. Бул деген дүйнөлүк жардамдардан куржалак калуу дегендик. Биздин өлкө үчүн мындай кырдаал катастрофа. Мындай кырдаал президент Петр Порошенко жана премьер-министр Владимир Гройсмандын тажрыйбасыздыгы жана кылмышынын түздөн-түз кесепети»,-деп жазды Тимошенко "Фейсбук" баракчасына.

Докладда КЭДР ракеталык кыймылдаткычтарды болжолу Орусиядан да алышы мүмкүн экени айтылганы менен буга эч кандай рекация кылышкан жок.

Британиялык International Institute for Strategic Studies (IISS) уюмунун түндүк кореялык баллистикалык ракета өндүрүшү боюнча баяндамасы "КЭДРдеги баллистикалык ракетанын ийгилиги" деген ат менен жарыяланган.

"Түндүк Кореянын ракеталык программасы соңку эки жылда чоң ийгиликтерди жасады»,-деп эсептейт баяндаманын авторлору.

Мурда КЭДР кыска аралыкка жете турган ракеталарга гана ээ болуп келген. Аларда орточо аралыктагы "Мусудан" ракетасы болгону менен анын сыноолору ийгиликсиз болуп бүтчү дейт эксперттер.

"Күтүүсүздөн эле КЭДР арсеналында эки жаңы үлгүдөгүсү пайда болду: орточо аралыктагы "Хвасон-12", континенттер аралык "Хвасон-14". Мурда-кийин дүйнөдө бир дагы өлкө ортчо аралыктагы ракетадан кыска убакыттын ичинде эле континенттер аралык ракетага өтө алган эмес»,-дейт аналитиктер.

IISS ракеталык программанын мындай бат өнүгүшүн КЭДР ракеталык кыймылдаткычтарды сырткы өлкөлөрдөн ташып келген болушу мүмкүн деген жоромол менен түшүндүрөт.

Түндүк Кореянын өзөктүк программасы жана ракеталык сыноолорунун тегерегиндеги кризис бүгүнкү күндө курчуп кетти. Пхеньян АКШнын аймагына жете турган ракетасы бар экенин айтып жатат.

Өткөн апталарда Түндүк Кореянын жаңы өзөктүк ракетанын дүрмөтүн иштеп чыкканы тууралуу кабарлар маалымат каражаттарына тараган эле. Ушундан кийин АКШ президенти Дональд Трамп эгер АКШга коркунуч жарала турган болсо Пхеньян «көргүлүктү көрөрүн» эскертти.

Буга жооп кылып Түндүк Корея Тынч океандагы Гуам аралында жайгашкан АКШнын аскер базаларына ракеталык сокку уруу планын жарыялады. (AbA)