Британия "брекситтен" кийин ЕБ менен убактылуу бажы союзун түзүүнү сунуштады

Брексит боюнча сүйлөшүүлөрдө британ делегациясын өкмөттөгү тармактык министр Дэвид Дэвис (сүрөттө солдогусуа) жетектеп жатат. Евробиримдиктин атынан Мишель Барнье катышууда. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Брексит боюнча сүйлөшүүлөрдө британ делегациясын өкмөттөгү тармактык министр Дэвид Дэвис (сүрөттө солдогусу) жетектеп жатат. Евробиримдиктин атынан Мишель Барнье катышууда.

Британия "брекситтен" кийинки өткөөл мезгил учурунда Евробиримдик менен убактылуу бажы биримдигин түзүү сунушун билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн позициясын чагылдырган документте айтылат.

Шейшембиде британ өкмөтү бул документти расмий түрдө жарыялайт деп күтүлүүдө.

Эгерде мындай түзүмгө жетишсе, ЕБ өлкөлөрүнүн ичинде товар жеткирүү жана кызмат көрсөтүүлөргө бажы алымы (экспорт менен импортко салык) төлөнбөйт. Ошондой эле экспорттолгон жана импорттолгон товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө баалар дагы теңдештирилмекчи.

Бирок жаңы документте «убактылуу бажы союзу» тууралуу сунуш "брексит» боюнча сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин гана берилет деп айтылган.

Азырынча бул тууралуу Евробиримдик менен талкуу боло элек. Май айынан баштап биримдиктен чыгууга байланышкан маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ушул сүйлөшүүлөрдө сезилерлик тыянактар байкалгандан кийин гана Британия менен ЕБнын андан кийинки мамилеси талкууланып баштайт.

Британ өкмөтү бул чектен күз айына барып өтөбүз деп үмүтөнүүдө.

Би-би-си кабарчысы Бен Райт билдиргендей, британ өкмөтүнүн бажы биримдигин түзүү сунушун "брекситтен" кийинки карым-катнашты эртерээк талкуулоонун аракети катары бааласа болот.

Бажы чек арасы бир гана бюджетке салык алгандан сырткары бир катар функцияларга ээ. Бажы биримдиги боюнча сунушу "брексит" боюнча сүйлөшүүлөрдөгү британ өкмөтүнүн позициясын көрсөткөн бир катар докмунеттердин негизгилеринин бири болмокчу.

Тектеш темалар