Иран өзөктүк макулдашуудан чыгарын эскертти

Ирандын президента Хасан Роухани жакында эле экинчи мөөнөткө шайланды Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ирандын президента Хасан Роухани жакында эле экинчи мөөнөткө шайланды

Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ эгер санкциялар саясатын уланта бере турган болсо алар өзөктүк макулдашуудан бир нече сааттын ичине баш тарта турганын билдирди. Роухани Трампты ишенимдүү өнөк эмес деп айтты.

Кеп АКШ эл аралык санкцияларды кыскартып, Иран өзүнүн өзөктүк программасын чектеген келишим жөнүндө болуп жатат. Президент Трамп бул келишимди катуу сынга алганы белгилүү.

Ал эле эмес, АКШ жакында Иран ракеталык сыноолорду өткөрүп келишимди бузду деп ага карата жаңы санкцияларды киргизди. Эми Иран АКШ жаңы санкцияларынан баш тартпаса келишимден чыга турганын билдирип жатат.

Президент Роухани жаңы санкцияларга ишенип жаткандарды өткөндөн сабак албагандар деп атоодо. (КС)