Сьерра-Леоне: көчкү алдында жүздөгөн адам калды

Сүрөттүн автордук укугу Home Leone

Сьерра-Леоненин баш калаасы Фритаундун чет жакасын эбегейсиз чоң көчкү басып калды. Бул кырсык көп күнгө созулган нөшөрлөгөн жамгырдан кийин болуп отурат.

Сьерре-Леондогу кырсык болгон жердин картасы

Көчкү жүрүп баштаганда көп жашоочулар уктап жатышкан болчу.

Оползни в Сьерра-Леоне Сүрөттүн автордук укугу EPA

Адегенде көчкү алдында калган жүздөй адам жөнүндө айтылып жаткан, азыр курмандыктардын саны жергиликтүү ММКлардын эсебине 350 гө чыкты.

Оползни в Сьерра-Леоне Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Кызыл чырым уюмунун маалыматына таянган Ассошиэйтед Пресс агенттигинин кабарына караганда үч миңдей адам үй-жайынан айрылды.

Оползни в Сьерра-Леоне Сүрөттүн автордук укугу Reuters

"Рейтер" агенттигине сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн вице-президенти Виктор Фо табигый кырсык баскан аймакта чаржайыт мыйзамсыз курулуштарда көп адамдар жашап келгенин айтты. Анын айтымында, жүздөй адам азыркыга чейин кыйраган имараттардын урандыларынын алдында жатат.

Оползни в Сьерра-Леоне Сүрөттүн автордук укугу EPA

Жергиликтүү бийликтер куткаруу иштерин аткаруу үчүн аскерлерди жиберди.

.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар