Сауд Арабиясы: дайынсыз кеткен ханзадалар

Султан бин Турки бин Абдул-Азиз (ортодо) Сүрөттүн автордук укугу HuGH MILES
Image caption Султан бин Турки бин Абдул-Азиз (ортодо)

Соңку эки жылда Европада жашаган саудиялык үч ханзада ың-жаңсыз жоголду. Алар саудиянын өкмөтүн сындап келишкен. Ханзадалар уурдалып кетип, Сауд Арабиясына жеткирилгени тууралуу маалыматтар бар.

Кийин ошол жактан алар тууралуу башка эч нерсе айтылган жок.

2013-жылы 12-июнда таң эртелей саудиялык ханзадананы салган унаа Женеванын чет жакасындагы заңгыраган сарайга келип токтоду. Ханзаданын аты-жөнү Султан бин Турки бин Абдул-Азиз. Ал эми бул сарай анын авасы, маркум падыша Фахдка таандык.

Падышанын сүймөнчүк уулу ханзада Абдул-Азиз бин Фахд эрте мененки сый тамакка Султанды конокко чакырган эле. Абдул-Азиз Султандан Сауд Арабияга кайрылып барууну суранып, сын-пикирден улам жаралган бийлик менен анын ортосундагы чатакташууну жайгарууга убадасын берет.

Султан мындан баш тарткандан кийин, Абдул-Азиз телефондон бирөө чалып калганын айтып, кечирим сурап, бөлмөдөн сыртка жөнөйт. Бөлмөдөгү экинчи киши - саудиялык министр шейх Салих Аль аш-Шейх дагы артынан чыгып кетет. Бир нече көз ирмемден кийин эле бөлмөгө беткапчан кишилер кирип келип, Султанды ур-тепкиге алышат. Колуна кишен салып, укол сайып эстен тандырышат.

Эс-учун билбеген абалда Султанды Женевадагы аэропорттон мурдатан камдалып, учууга даяр турган санитардык учакка алып келип салышкан.

Көп жылдан кийин Султан өзү швейцариялык сотто берген көрсөтмөсүндөгү окуянын жүрүшү ушундайча сүрөттөлгөн.

Женевадагы мейманканада Султандын сый тамактан кайтып келишин күтүп олтурган кызматкерлеринин арасында анын басма сөз катчысы Эдди Феррейра дагы бар эле.

«Биз анын күзөт кызматкерлери менен байланыша албай койдук,-деп эскерет ал. -Бул тынчсызданууга негиз болгон биринчи белги эле. Биз ханзаданын өзүнө байланышууга аракет кылдык. Бирок эч кандай майнап чыккан жок».

«Кийин, күндүн экинчи жарымында биздин босогону чакырылбаган эки конко аттады. Мейманканын башкы менеджеринин коштоосунда келген Швейцариядагы Сауд Арабиясынын элчиси эч себебин айтпай туруп эле бизди пентхаусту бошотуп, кеткиле деп талап кылды,-дейт ал учурду эскерген Феррейра. - Ханзада Эр-Риядда экенин, эми биздин кызматыбыздын кереги жок экенин, бош экенибизди айтышты».

Султанды укол менен эстен тандырып, зомбулук менен уурдап кетүүгө жакындарын эмне аргасыз кылды? Ал эмне кылды эле?

Ал бул окуядан бир жыл мурун даарылануу үчүн Европага келген. Көп өтпөй эле ал интервьюларды берип, сауд арабиялык бийликти сындап баштаган.

Султан өз өлкөсүндөгү адам укуктары боюнча кырдаалды талдоого алып, мамлекеттеги ханзадалар жана расмий кишилер арасындагы коррупция боюнча даттанган. Ошондой эле реформа зарыл экенин айтып чыккан эле.

Сауд Арабиясы падыша Абдул-Азиз (Ибн-Сауд деген ысым менен белгилүү болгон) негиздеген 1932-жылдан тарта башкаруу абсолюттук монархия аркылуу ишке ашат.

«Же уурдап, балким өлтүрүп кетишерин жакшы билем»

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ханзада Турки бин Бандар 2003-жылы Пакистандын Каржы министри менен жолугуп жаткан учуру.

Ханзада Турки бин Бандар саудиялык полициянын майору болуп, падышанын үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна жооп берген.

Бирок тактынын мураскери маселесиндеги үй-бүлөлүк ички келишпестиктен улам, ал өзү абакка олтуруп калат. Бошогондон кийин Парижге качып келип, 2012-жылдан баштап, YouTube аркылуу кайрылууларды жасап, Сауд Арабиясын реформага чакырат.

Саудиттер буга дагы Султанга жасагандай эле реакция кылып, Турки бин Бандарды өз өлкөсүнө кайтып келүүгө көндүрүү аракетин көрүшөт.

Ханзадага Ички иштер министринин орун басары Ахмед аль-Салем телефон аркылуу байланышканда, ал бул сүйлөшүүнү жаздырып алып, интернетке коюп салган.

«Бардыгы сенин кайтып келүүңдү күтүп жатат, сага Аллах ыраазы болсун»,-дейт министр орун басары.

«Чыдамсыздык менен күтүп жатышабы? Сенин кызматкерлериң жөнөткөн каттар тууралууу эмне дейсиң? «Сен канчыктын баласы, биз сени Султан бин Турки сыяктуу артка алып келебиз» деген».

Буга жооп кылып министр орун басары аны жооткотуп: «Алар сага тийише албайт. Мен сенин агаңмын го».

«Жок, алар сенден келишкен,-дейт Турки. - Алар Ички иштер министрлиги тарабынан жөнөтүлгөн».

Турки интернетке видео кайрылууларын 2015-жылдын июлуна чейин такай жарыялап турган. Андан кийин ушул эле жылдын соңунда дайынсыз болуп кетет.

«Адатта ал мага ай сайын эки жолудан чалып турчу,-дейт анын досу, блогер жана активист Ваел аль-Халаф. - Андан кийин ал төрт же беш айга дайынсыз болуп кетти. Менде шек жарала баштады. Ушундан кийин падышалыктагы жогорку кызматтагы расмийден Турки бин Бандар алардын колунда экенин билдим. Алар аны уурдап кетишиптир».

Туркинин тагдыры тууралуу маалымат алууга майнапсыз аракеттерден кийин марокколук басылмадан маалымат таптым. Анда ханзада Мараккодон Францияга кайткан учурунда камакка алынган айтылган экен. Андан кийин сауд арабиялык бийликтин өтүнүчү менен марокколук сот тарабынан өз өлкөсүнө депортацияланат.

Биз Турки бин Бандарга эмне болгону тууралуу азырга чейин жарыткан маалымат билбейбиз. Дайынсыз жок болуп кетерден алдын ханзада өзүнүн досу Ваелге жазып жаткан китебинин көчүрмөсүн берген экен.

«Кымбаттуу Ваел! Эгер мени уурдап же өлтүрүп кетишпесе эле бул билдирүүнү эч ким менен бөлүшпөшүң керек. Мен билем, же уурдап кетишет, балким өлтүрүп салышат. Алар менин укугумду жана саудия элинин укугун тебелеп жатышканын дагы жакшы билем».

«Жер төлөдөгү түрмө»

Image caption Cаудиялык ханзаада Сауд бин Саиф аль-Наср

Болжолу ханзада Турки дайынсыз болуп кеткен мезгилдин оро-парасында дагы бир саудиялык ханзаада Сауд бин Саиф аль-Наср жок болуп кетет. Ал падышалык бүлөдөгү салыштырмалуу анчейин чоң эмес даражада болчу, кымбат баалуу мейманканалардын жана европалык казинолордун кумарпозу эле.

Сауд 2014-жылдан тарта саудиялык монархияны сынга алган твиттерди жазып баштаган. Ал 2013-жылы Египеттин президенти Мухаммед Мурсинин бийликтен кетишин колдоого алган Сауд Арабиясындагы расмийлерди сот жообуна тартуу керек деп кайрылган.

2015-жылы сентябрда Сауд андан дагы катуу кетти. Аты-жөнүн жашырган саудиялык ханзада падыша Салманды бийликтен кулатуу максатында төңкөрүш уюштуругуа чакырган эки кат жазган. Сауд муну ачык эле колдоп чыкты. Бул мамлекетке чыкынчылык кылганга тете көрүнүш эле жана анын алдыдагы тагдырын аныктады.

Бир нече күндөн кийин ал «Твиттерге» билдирүү калтырган боюнча жок болуп кетти.

Башка дагы бир диссидент ханзада 2013-жылы Германияга качып келген Халед бен Фархандын болжолунда Саудду алдоо жолу менен Миландан Римге учуп келүүгө арагасыз кылышкан. Анда Прес булуңуна филалын ачууну көздөп жаткан орус-италиялык компаниянын келишимин талкуулоого чакырышкан экен.

«Бул компаниянын жеке учагы учуп келип, ханзада Саудду алып Римге эмес, Эр-Риядка учуп келген», -деди Халед.

«Көрүнүп тургандай саудиялык чалгын кызматы бүт операцияны атайын уюштурган. Азыр эми ханзада Сауддун тагдыры Турки сыяктуу эле, башкача айтканда түрмөдө».

Каирдин ордуна Эр-Рияд

Падышалык жогорку иерархияда турганы менен ханзада Султандын бир буту абакта, бири үйдө болуп калган. Анын саламаттыгы начарлап кеткенде, 2010-жылы падышалык үй-бүлө ага дарылануу үчүн Массачусетс штатындагы Бостон шаарына барууга уруксат беришти.

Ал кара башын ала качып АКШга барып коопсуз жашап калуу айласын көрүүнүн ордуна, 2003-жылы күч менен уурдап кеткен деп айыптап, швейцариялык сотко ханзада Абдул-Азиза ибн Фадх менен шейх Салих Аль аш-Шейхтин үстүнөн даттанган.

Анын америкалык адвокаты Клайд Бергстрессер 2003-жылы 13-июнда Султан жатып калган Эр-Риядагы ооруканадан тактама алат. Анда болжолу кол салуудан кийин, Султан оор абалда оорукaнада жатканы тууралуу айтылган.

Биринчи жолу падышалык үй-бүлө мүчөлөрүнéн бири экинчисине кылымыш ишин козгоо арызы менен кайрылган окуя болду.

Бирок Бергстрессердин айтымында, буга швейцариялык бийлик кызыккан деле жок.

«Аэропорттогу окуяны иликтөөгө алуу боюнча эч кандай тыкыр изилдөө болгон жок. Окуя швейцариянын аймагында болуп жаткандан кийин, учактар кантип келген, учукучтар ким эле? Ушунун баарын аныктоо зарыл эле»,-деди ал.

2016-жылы январда Султан Париждеги эң кымбат мейманканалардын биринде жашап турган. Кийин анын учагын дагы Сауд бин Саифа аль-Насрдики сыяктуу эле алмаштырып коюшкан.

Ал Каирдеги атасынан кабар алуу үчүн бармак. Анын атасы дагы саудиялык бийликти сындап келген. Сауд Арабия консулдугу ханзадага жеке учакты пайдаланууну сунуштайт. Анын кармагына кызматкерлер (18 киши, жеке жарыгери,АКШ жана европалык жан сакчылар) бар эле .

Ал 2003-жылы башынан өткөргөн окуя карабастан, сунушка макул болот.

Кийинки окуянын өнүгүшү тууралуу ал жерде кызматкер болуп жүргөн эки киши, ысымдарын жашырып бизге айтып берүүгө макул болушту.

«Биз учак уча турган тилкеге келдик. Биздин алдыбызда чоң учак турду. Анын боорунда «Сауд Арабиясы», -деп жазылып турган деп эскерет алардын бири.

«Учактын бортунда экипаждын мүчөлөрү көп экени бир аз кооптонуу жаратты. Алардын баары эркек кишлер болчу»,-дейт экинчиси.

Учак асманга көтөрүлгөн. Учактын ичиндеги мониторлордо анын Каирге учуп баратканы көрсөтүлүп турган. Бирок эки жарым сааттан кийин мониторлор өчтү.

Ханзада Султан учактагы атайын бөлмөдө уктап калды. Эки сааттан кийин ал ойгонуп эле тынчсыздана баштады дейт анын мурунку кызмактерлери.

Учак Сауд Арабиясын көздөй багыт алганын билгенден кийин Султан учкучтар олтурган кабинанын эшигин какылап, жардам сурай баштаган.

Бирок аны ордуна барууга буйрук беришти.

«Учак конгондон кийин аны куралдуу кишилер курчап турганын көрдүк»,-деди окуяга күбө болгон кызматкерлердин бири.

Куралдуу кишилер Султанды учактан күч менен алып түштү. Ал болсо кызматкерлерине кайрылып, АКШнын элчилигине кабар берүүнү суранган.

Бул таң калтырган окуя эле. Ханзада менен бирге 18 чет элдик жаранды уурдап келишти. Кийин аларды үч күн кармап, кечирим сурашып, кайра артка салып коюшкан.

Ошондон бери ханзада Султандан дайын жок. Мен саудиялык бийликке кайрылып, бул айыптоолор боюнча сурадым. Бирок бийлик буга түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

«Эркиндиктин баасы»

Image caption Ханзада Халед.

Германияда жашаган ханзада Халед дагы аны күч менен артка кайтарып алышат деп кооптонот.

«Европада падышанын үй-бүлө мүчөлөрүнөн төртөө бар эле. Биз үй-бүлөнү жана башкарууну сындадык. Төртөөбүздүн ичинен үчөөнү уурдап кетишти. Жалгыз мен калдым», -дейт ал.

Ал кийинки курмандык болуп калабы?

«Мен буга ишенем. Көптөн бери ишенем. Эгер алар муну кылгысы келсе, буга чейин кылышмак. Абдан кылдатмын, менин эркиндигимдин куну ушундай». (AbA)