Батыш Гималайдагы чек ара чатагы

Индия менен Кытайдын талаштуу чек ара аймактарында кырдаал кайрадан чыңалууда Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Индия менен Кытайдын талаштуу чек ара аймактарында кырдаал кайрадан чыңалууда

Батыш Гималайдагы талаштуу чек ара аймагында Кытай менен Индиянын аскерлери кагылышты. Индия Пангонг көлүнүн жээгиндеги талаштуу аймакка кытай аскерин киргизбеш үчүн өзүнүн аскерлери тирүү калкан болуп жол тосконун айтууда.

Индиялык маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, эки тарап бири-бирине таш жаадырды деп айтылууда.

Индиянын өкмөтү өзүнүн кандай дооматтары бар экенин айтуудан баш тартты, ал эми Кытай өз кезегинде чек арачылар чек араны бойлоп кайгуул жасап жатышканын белгилеп, Индиянын эки өлкөнүн ортосундагы тийиштүү келишимдерди сактай турганына үмүт билдирген.

Бул кагылышуу биринчи жолу эмес, эки өлкөнүн аскерлери талаштуу башка аймакта дагы кагылышкан учурлары болгон.

Июнь айынан бери Индия тоолуу Доклам районунда Кытайдын жаңы жол курулушун токтотууга аракет кылууда. Индиянын чек арасына жакын бул аймакты Бутан дагы талашып келатат.

Индия менен Кытайдын ортосунда кургактагы чек ара төрт миңден ашык километрге созулат. Анын теңинен көбү демаркация болгон эмес. Алар чечилбеген чек аранын айынан 1962-жылы согушууга чейин барышкан. (KC)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар