Угандага агылган түштүк судандык качкындар миллионго жетти

Жарандык согуштан кыйналып, арып-азган качкындардын ичинде өзгөчө аялдар менен балдардын көрбөгөн азабы калбады Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Жарандык согуштан кыйналып, арып-азган качкындардын ичинде өзгөчө аялдар менен балдардын көрбөгөн азабы калбады

БУУ Түштүк Судандагы жарандык согуштан Угандага агылган качкындардын саны миллион адамга жеткенин билдирүүдө. Ɵлкөнүн өзүндөгү эң оор маселе масштабдуу ачкачылык болуп жатат. БУУ өлкөдө 100 миң адам ачкачылыктан кырылуу коркунучунда турганын эскерткен эле.

Ɵлкөнүн бир миллион калкы Угандага баш калкалап качканда, дагы эки миллион эл өлкөнүн ичинде бүлүнүп чачылып, журт которууга аргасыз болгон. Ошентип Африкада 1994-жылы Руанада болгон геноцидден бери боло эле миграциялык кризис келип чыкты.

Угандага качкындар утур-утур агылып келип жатат. Алардын агымын көзөмолгө алууга мүмкүн болбой калды. Келген качкындар тамак-аш, медициналык жардам алып жатат. Бирок БУУнун миссиясы качкындардын баарын караганга жетишпей жатат.

Питер Пиок, үй-жайын таштап качкан англикалык пастор. Анын айтымында, көп адамдар ачкачылыктан өлүп калбаш үчүн өлкөдөн кетип жатат.

«Эгер адамдар согуштан качпаса да, ачкалыктан качат. Анткени ачкачылык менен күрөшүү өтө кыйын. Сени атайын ачка калтырганда ажалга жем болбой койбойсуң»,-дейт пастор.

Тамак-аштын жетишпегендигине байланыштуу эң эле оор кырдаал өлкөнүн Вахда провинциясында экени айтылууда. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кызматкерлери баса белгилегендей, бир катар гуманитардык уюмдардын аракетине карабай, Түштүк Суданга жеткирилген тамак-аш региондогу ачка отургандардын баарына жетпей жатат.

Этникалык чырдан тутанган согуш

Image caption Түштүк Суданда жарандык согуштун айынан бүт экономика талкаланып бүлүндү

Миллиондогон түштүк судандыктар бир гана согушту көрүп чоңоюшкан. БУУнун Качкындар агенттиги качкындардын көпчүлүгү аялдар жана балдар экенин, алар зордук-зомбулуктан жапа чегип, көрбөгөн азапты көрүшкөнүн билдирүүдө. Алардын көз алдында адамдарды өрттөшкөн, каратып туруп жакындарын өлтүрүшкөн.

Түштүк Судан 2011-жылы көз карандысыздыгын алган, ага чейин Судан мамлекетинин бир бөлүгү болуп турганда ондогон жылга созулган жарандык согуш болгон.

Ал эми эгемендик алгандан кийин, 2013-жылы Түштүк Суданда жарандык согуш тутанган. Бул согуштун тамырында этникалык араздашуулар турат.

Нуэр жана Динка элдери бири-бирине атаандашып, бийликти талашып келет. Бирок Нуэрдин ичиндеги "бул-нуэр" этникасындагы тургундар бийликтеги динкаларды колдоп, Нэур этникасынын ичинде да өз ара касташуулар болду.

Араздашкан этникалык күчтөрдүн жетекчилери тынчтык келишимине макул болгону менен, бул этникалык араздашууларды баса албады.

Коңшулардын арачылыгы

Коңшу мамлекеттер Түштүк Суданда тынчтык орнотууга көмөк көрсөткөнү менен, алардын кийлигишүүсү айрым учурда чатакты кайра ырбатууда.

Мисалы, Уганданын президенти динкалардын башчысы Киирге жардам берип, аскерлерин жөнөткөн. Ал эми Судан козголоңчулардын лидери, учурдагы вице-президент Мачарга курал жөнөтүп, өз аймагында аскердик база ачып берген.

Ал эми экономикалык кызыкчылыктарын коргош үчүн Кения сыяктуу мамлекеттер айрым учурда бир тарапты колдоп жатат. Адистердин айтымында, коңшу мамлекеттер күч менен кийлигишүүнү токтотмоюнча, Түштүк Суданда туруктуу тынчтык орнобойт. (КС)

Тема боюнча башка макалалар