1945-жылы чөгүп кеткен «Индианаполис» крейсери табылды

"Индианаполис". Сүрөт 1937-жылы Перл-Харбордо тартылган. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Индианаполис". Сүрөт 1937-жылы Перл-Харбордо тартылган.

Америкалык көлөмдүү «Индианаполис» крейсеринин калдыктары 72 жылдан кийин Тынч океандан табылды. «Индианаполис» япониялык суу астында сүзгөн кемеси тарабынан чөктүрүлгөн.

Аны суу астынан 5,5 чакырым тереңден табышкан. Так орду айтылган жок.

«Индианаполис» 1945-жылдын 30-июлунда жашыруун миссиясынан кайткан учурда чөктүрүлгөн. Ал кийин Хиросимага ташталган атом бомбасынын бөлүктөрүн жеткирип келе жаткан.

Кеменин бортунда болжолу 1200 аскер кызматкери болгон. Алардын 316сын сактап калууга мүмкүн болду. Бул кырсык америкалык аскер флотунун тарыхындагы өздүк курам чоң жоготууга учураган кандуу окуя.

«Индианаполис» япониялык суу астында жургөн аскер кемеси тарабынан Филлипин деңизинде чөктүрүлгөн. Кеме өтө тездик менен - 12 минутада эле чөгүп кеткендиктен анын кайда экени ушул күнгө чейин белгисиз болуп келген эле.

300 киши кеменин ичинде калган, ал эми калгандары акулалардын кол салуусуна кабылып, галлюцинация жана таза суусу жок кыйналышкан.

Америкалык аскерлер кеменин кырсыкка кабылганы тууралуу сигнал алышкан эмес. Ошондуктан тирүү калгандарды төрт күндөн кийин гана табышкан.

Кеме «балакай» деген жашыруун ысым алган атом бомбасынын бөлүктөрүн америкалык аскер базасы жайгашкан Тиниан аралына жеткирип барганы үчүн белгилүү болгон.

«Индианаполис» кемеси атом бомбасынын бөлүгүн жеткирип бергенден төрт күндөн кийин Хиросимага атом бомбасы ташталган экен.

Экинчи бомба Нагасакиге ташталып, он миңдеген кишилердин өмүрүн алган. Кеменин калдыктары жума күнү 13 кишиден турган иликтөөчүлөр тарабынан табылды. Аны Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Пола Аллен жетектеген. Ал бул табылганы тарыхый деп атады.

Пол Аллендин тобу Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда чөгүп кеткен кемелердин калдыктарын буга чейин да табышкан эле. (AbA)

Тектеш темалар