Барселонадагы теракт Каталониянын төбөлсүздүгүнө таасирин тийгизеби?

Каталония

Мындан туура он жыл мурун Каталония менен Испаниянын калган бөлүгүнүн ортосундагы мамилеге чоң таасирин тийгизген дүйнөлүк окуялар болгон.

Франциянын BNP Paribas банкы тобокелчил болуп жаткан америкалык импотекалык насыялардан кооптонуп, өзүнүн фонддорун тоңдуруп салган. Ушундан кийин Европада каржы каатчылыгы башталды. Жыйынтыгында Испания терең рецессияга кабылган.

Бул болсо Каталониянын көз карандысыздыгын жактап келгендердин чырагына май тамызып, өткөн таарынычтарын эстешти. Бай чөлкөм кайрадан Мадриддеги компетентүү эмес өкмөттүн курмандыгы болду деп билдирүү жасашкан.

Эми Испанияга сырткы фактор таптакыр башка өңүттө - жихаддык террор аркылуу келди. 2004-жылы Мадриддеги поездде болгон жардыруудан кийин 13 жыл боюу өлкө террактан сактанып келген эле. Бул жолу соккуну Каталония алды. Каталония көз карандысыздык үчүн бейрасмий болсо дагы референдум жарыялаган.

Бирок Барселона кандайдыр бир жүйөлүү себептен улам кол салуунун бутасы болуп калды дегенге эч кандай негиз жок. Бул жолку терракт Мадриддин каталондуктардын көз карандысыздык үчүн күрөшүүсүн басаңдатканга ойноп бериши мүмкүнбү?

Балким, анткени Испаниянын королу Каталониянын негизги аянтына келгенде катуу кол чабуулар менен тосуп алышкан жокпу?

Король Филип жана Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой Каталониянын президенти Карлес Пучдемонт, Барселонанын мэри Ада Колау менен бирге негизги аянтка чыгып, терактан каза тапкандарды эскеришти.

«Король менен премьер-министр Барселонага келбей койсо болот беле?» -деп суроо салат Малага университетинин саясат таануу боюнча профессору Мануэль Ариас-Мальдонадо. Ал суроого өзү жооп берип: «Алардын башка тандоосу жок эле»,- деди.

Каталониянын борбордук университетинин журналистика жана коммуникация боюнча профессору, төбөлсүздүк боюнча кыймылдардын активдүү өкүлү Адрия Альсина Леалдын пикиринде, «тилектештик болуш үчүн кол чаап тосуп алуу зарыл, ал кайдан чыккан күндө да».

«Алардын келиши табигый нерсе. Мен ага кандайдыр бир кошумча ойлорду таңуулабайт элем»,-деди ал.

Ариас-Мальдонадонун болжолунда, Барселонадагы трагедиялуу окуя мүмкүн Рахой менен Пучдемонтту биримдикти жана тилектештикти көрсөтүүгө түрткөндүр.

«Деген менен майда бирок маанилүү нерселер бар: Пучдемонттун сөзүндө эскерилген «каталондук мүнөз», Рахойдун чоң коркунучтун алдында бөлүнүүгө себеп болгон таарынычтарды унутуп кызматташуу туралуу айтканы",-деп санап берди профессор.

Тилектештик канчага уланат?

Теракттан кийинки Мадрид менен жикчилдер ортосундагы тынч маанайдагы тилектештик үч күндүк аза күтүүдөн кийин абдан бат бүтүп калышы мүмкүн.

Бул учурда бардык саясый өнөктүктөр токтотулду. Мен Рамбла бульварынан жакындап келе жаткан референдумдун эч бир белгисин көргөн жокмун. Албетте, дүкөндөрдөгү көзгө урунган бир жылдыздуу Каталониянын көз карандысыз туусун эсепке албаганда.

Айрым испандык басылмалар барселоналык трагедияны аларга каршы буруп жибергенине жикчилдер ачууланып жатышат.

Тагыраагы El País басылмасындагы макалада мындай масштабдагы кол салуу каталондуктарды көз карандысыздык тууралуу каалоолорун унуткарышы керектиги тууралуу жазган.

Бирок негизги пикирлердин кармашы социалдык сайттарды жүрүүдө.

Эмне үчүн баары каталондук полиция тууралуу айтып жатышат?

Соңку күндөрдөгү эң көзгө урунган көрүнүш бул - Каталониянын полициясына берилгендик, урмат-сый болууда.

Каталондук жазуучу Берн Дедеу өзүнүн «Төбөлсүздүккө жети саат» деген колонкасында, полициянын жана Каталониянын тез жардам кызматтарынын ыкчам аракети чөлкөмдөгү «чыныгы бийиликтин аракетин көрсөттү» деп белгиледи.

Деген менен кол салуу алдындагы каталондук бийликтин коопсуздукка мамилесин укмуш деп айтууга да болбойт.

Профессор Ариас-Мальдонадо белгилегендей, Барселонанын мэриясы ИИМдин сунушуна карабастан Рамбла бульварында транспорт каражаттары үчүн тосмо куруудан баш тарткан экен. Мындай сунушту министрлик Берлиндеги жарманкеде болгон кол салуудан кийин айткан.

Бөлүнүүнүн жүгү канчалык оор?

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption 2015-жылдын сентябрындагы өнөктүктүн акыркы күндөрү ушундай көрүнүштө эле.

«Айтуу кыйын,-дейт Малага университетинин профессору. - Сурамжылоого ылайык жикчил көз караштагы маанайды краманган каталондуктар болжолу 41%, соңку учурда бул сандар азайып жатат. 49 пайызы бөлүнүүгө каршы. Бул маалыматтар коомдук пикир боюнча расмий каталондук сурмжылоодон алынган. Террордук чабуул бул кырдаалга кандай таасирин тийгизет? Ким билет? Менимче анча деле эмес, эегер тийгизген болсо, анда юнионисттердин тарабын күчөтөт», -деп эсептейт профессор Леаль.

Мен ага төбөлсүздүктү колдоо төмөн кулап жатканын айтканымда, профессор сурамжылоодон баш тартып, көз карандысыздыкка умтулуу мурдагыдай эле күчтүү деп ишендирди.

2014-жылы Мадриддин референдумга тыюу салганына карабастан дээрлик 2 миллион киши добуш берүүгө катышкан жана 80 пайыз (каталондуктардын эсеби менен) добуш бергендер төбөлсүздүктү колдогон.

Бирок андан бери бир аз өзгөрүү бар. Испаниянын экономикасы карйра бутуна турду. Бул эми Испаниянын премьер-министри үчүн оюнда «күзүр» болуп бериши мүмкүн. (AbA)

Тектеш темалар