Америкалык эсминец мунай тарткан кеме менен кагылышты

Малазиялык аскер күчтөрү тарабынан жарыяланган сүрөттө «Жон С. Маккейн" кемесинин сол капталы катуу урунганын көрүүгө болот. Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Сингапурдун чыгышындагы Малак кысыгында америкалык "Жон С. Маккейн" эсминеци мунай тарткан кеме менен кагылышты. Бул соңку жайдагы экинчи окуя.

Либериянын туусу астында мунай тартып жүргөн Alnic MC кемеси менен америкалык эсминец кагылышкан учур жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 05:24 чамасында орун алган.

АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү тактаган маалыматка караганда, эсминец Түштүк Кытай деңизиндеги күзөттөн кийин Сингапурдун портун көздөй келе жаткан.

Соода кемеси менен кагылышуудан беш киши жаракат алып, төртөө Сингапурдагы ооруканага түшкөн. Өмүрүнө коркунуч келтирген жагдайдардын жок экени айтылды. Дагы он америкалык аскер кызматкери дайынсыз жок болуп жатат. Издөө иштерине тик учактар тартылды. Ошондой эле Сингапур менен Малайзиянын Аскер-деңиз күчтөрүнүн кемелери дагы издөө иштерин жүргүзүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу MALAYSIAN NAVY CHIEF
Image caption Малайзиялык аскер күчтөрү тарабынан жарыяланган сүрөттө «Жон С. Маккейн" кемесинин сол капталы катуу урунганын көрүүгө болот.

Alnic MC мунай тарткан кемеси америкалык аскер эсминецтен үч эсе чоң. Малайзиялык аскер күчтөрү тарабынан жарыяланган сүрөттө «Жон С. Маккейн" кемесинин сол капталы катуу урунганын көрүүгө болот.

Рейтер агенттигине мунай тарткан кеменин экипаж мүчөлөрүнүн бири 12 миң тонна мунайды Тайвандан Сингапурду көздөй алып келе жатышканын айтып берген.

16-июнда Япониянын жээктеринде америкалык "Фицджеральд" эсминеци Филиппиндин туусу алдында сүзүп барткан контейнер ташыган кеме менен кагылышкан эле.

Кырсыктан кийин жети америкалык аскер кызматкери дайынсыз табылбай калган. Алардын сөөгүн эки күндөн кийин табышкан. Экинчи кемедегилердин эч кимиси жабыр тарткан эмес эле. (AbA)

Тектеш темалар