Барселонада "жанкечти курун" тагынган адамды атып өлтүрүштү

Камерадагы жазуулар Абуякубдун кылмыш болгон жерден из жашырып качып кетип жатканын көрсөтөт. Сүрөттүн автордук укугу El Pais
Image caption Камерадагы жазуулар Абуякубдун кылмыш болгон жерден из жашырып качып кетип жатканын көрсөтөт.

Барселонанын батышындагы Субиратс районунда полиция жардыргыч зат шыкалган курду тагынган адамды атып өлтүргөнүн жергиликтүү ММКлар билдирди.

"Алар терактты аткарган деп шектелип жатканды атып салышты", - деп жазды Франс-пресс анонимдүү булакка таянып.

Полиция андан мурда 22 жаштагы Юнес Абуякубду өткөн бейшембиде Барселонада көчөдөгү элди тебелеген фургондун айдоочусу болгон деп аны издөөгө алып жатканын билдирген эле. Аны издөө Испанияда эле эмес, бүт Европа боюнча башталган эле.

22 жаштагы, түбү Мароккодон болгон Юнес Абуякуб Испаниядан Францияга чыгып кетиши мүмкүн деп болжолдонуп жаткан.

Каталонияда болгон эки теракттан баардыгы 15 адам курман болду.

Камеранын жазууларына караганда Абуякуб теракт болгон жерден качып кеткен.

Испаниялык El Pais газетасында жарыяланган үч сүрөттүн бирөөндө кара көз айнек тагынган адам Бокерия базары аркылуу Рамбл бульварын көздөй баратканы көрүнөт.

Бейшембиде Барселонанын туристтер көп жүргөн Рамбл бульварында болгон терактта адегенде 13 адам фургонго тебеленип курман болуп, 130 адам ар кандай жаракат алган.

Ошол эле күнү кечинде Камбрилсте ушундай эле кол салуу аз жерден кайталанбай калды. Кол салгандарды полиция токтотуп калды, бирок бир адам курман болду.

Андан бир жарым саат өткөндөн кийин Абуякуб жергиликтүү бир испандыкты өлтүрүп, анын автоунаасын ээлеп алган. Ошентип теракт курмандыктары баары он беш адамга чыкты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty
Image caption Полиция Абуякуб чек ара аркылуу Францига өтүп кетиши мүмкүн деп жаткан

Каталония полициясынын башчысы Жузеп Луис Траперо он эки шектүүнүн ичинен бир гана Абуякуб кармала элек деп жаткан.

Дагы төрт адам камакта, беш адам Камбрильсте экинчи кол салуу учурунда өлтүрүлдү, ошондой эле эки адамдын сөөгүн таануу жүрүп жатат.

Полиция Риполь шаарындагы мечиттин имамы Абдельбаки эс-Саттини да издеп жатат. Кол салгандар аныкында жашаган деп айтылууда.

Террордук топтун кээ бир мүчөлөрү мечитке келип турушкан, ал эми анын өзү башчы болгон деген божомол бар.

Абдельбаки эс-Сатти, полициянын айтымында, өткөн жылы Брюсселдеги кол салуулар болуп жатканда Бельгияда болгон экен.

Бельгиянын жаш мусулмандарды радикалдашуудан сактоо программасына жооп берген өкүлү Джессика Соорс полиция издеп жаткан имам бельгиялык мечиттердин бирөөндө төрт-беш ай иштеген дейт.

Азыркы учурда полиция кандай тыянакка келгени белгисиз, бирок мечиттин жетекчилиги ага дин жөрөлгөлөрүн жүргүзүүгө тыюу салган экен.

Полиция эс-Сатти Альканар шаарында үй жарылганда курман болушу мүмкүн деп жатат. Бул жардыруу Барселонада теракт болордон бир күн мурда, шаршембиде 16-августта болгон. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар