Кыргызстанда өкмөт башына ким келет?

Алмазбек Атамбаев парламенттик көпчүлүк коалиция Сүрөттүн автордук укугу official

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев парламенттик көпчүлүк коалициянын курамындагы фракцияларынын лидерлери менен жолугуп, өкмөттүн толук жаңы курамын кыска мөөнөттө түзүү зарылдыгын белгилеген.

"2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун шарттарында өлкөнүн мамлекеттик аткаруу бийлиги кыйла туруктуу жана натыйжалуу болушу керектигин эске алып, өкмөттүн толук жаңы курамын кыска мөөнөттө түзүү зарыл деп эсептейм",- деген Алмазбек Атамбаев.

"Ушуга байланыштуу мен Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамын түзүү максатында 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясын чакыруу тууралуу кат менен кайрылдым", - деп мамлекет башычынын айткандарын расмий сайты жазып чыкты.

Өкмөттүн жаңы курамы бекитилгенге чейин премьер-министрдин милдетин аткаруу Мухамметкалый Абулгазиевге жүктөлдү. Алдыда кимдин өкмөт башына келери талкууланып турган учур. Би-Би-Си саясий серепчи Сейтек Качкынбайды маекке тартып, алгач, премьер-министрликке болжолдуу талапкер тууралуу суроо узатты.

"Бакиевдер да ишеним көрсөткөн кадр"

Сейтек Качкынбай: Бийликтин иреттүү жүргүзүп келген саясатына карай турган болсок, өкмөт башчы Сапар Исаков болот окшойт деген пикир үстөмдүк кылат. Бийлик эки-үч долбоорун анын жүзү менен көрсөтүүгө аракет кылды. Башынан эле президенттин "Мен кызматтан кетип жатып, эскилердин баарын алып кетем, жаштарды алып келем" деген сөзү айтылган. Мүмкүн бул эки нерсе башында сигнал болгон. Андан кийин ырааттуу саясат катары "Таза коом" дегенди алып чыгып, ага жаш ишкерлерди аралаштырып, жаңы муундун келиши деген сыяктуу пикир жаратканга аракет кылышты. Булардан улам премьерликке келет окшойт деген пикир жаралган болчу. Бирок ошол эле учурда, терс дагы таасирлер калып калды. Бул чехиялык "Legless" компаниясы менен тиешеси болгону. Атап айтканда, журналисттик иликтөөдөн кийин, бул аты улук, бирок супрасы купкурук алдамчылыкка окшогон долбоор болуп калды. Исаковдун буга түздөн-түз байланышы болуп калганы бир аз терс пикир жаратып койду.

Би-Би-Си: Эгерде көпчүлүк коалиция Сапар Исаковдун талапкерлигин колдосо, демек бул убактылуу премьер-министр эмес, шайлоодон кийин дагы бийликти колдон чыгарбай калуу максатын көздөйт деген пикирлер айтылууда.

Сейтек Качкынбай: Андай долбоор дагы болушу мүмкүн. Бирок кыргыз саясатында өкмөт башчынын орду аябай эле начарлап калды. Негизги ролдо президент жана ага таасир эте алгандар жанындагы кеңешчилери. Андыктан өкмөт башчыдан маанилүү нерсе күтүүгө болбойт. Экинчиден, жаңы мыйзамда премьердин ролу чоңойду деп жатышат. Бирок чынында чоңойгон жок, болгону кээ бир кабинет министрлерди, акимдерди жана губернаторлорду өзү чече алат. Ушул гана артыкчылык бар. Андан башка саясатта атмосфера жасай турган же чоң саясий чечим кабыл ала турган ролу жок.

Би-Би-Си: Буга чейин Исаков президенттик аппаратты жетектеген. Бирок өкмөт башчылык кылуу андан көп эсе чоң, масштабдуу иш. Буга анын тажрыйбасы жетет деп ойлойсузбу?

Сейтек Качкынбай: Сөздүн ачыгы, бул кызматка такшалып чыккан лидер келиши керек. Дегеним, артынан чоң команданы ээрчитип, коомдо атмосфера жасап кете ала турган адам. Тилекке каршы, биз айтып жаткан кандидаттын бул жагынан күчтүү деп айта албайм. Балким келечекте жасайттыр, андай болсо жакшы болмок. Бирок биз бардык нерсени буга чейин басып өткөн жолунан карайбыз. Эске алыш керек, Исаков мурда ЦАРИнин (Инвестиция жана иновацияларды өнүктүрүү боюнча борбордук агенттик) мүчөсү болуп жүргөн. Максим Бакиев жаманбы, жакшыбы өз командасына прогрессивдүү жаштарды алып келген болчу. Демек, Исаковко дагы ишеним көрсөткөн болсо, мүмкүн потенциалын байкагандыр. Кеп жашында эмес, мүмкүнчүлүк берип көрүш керек. Англисче айтмакчы "Why not?". Байкап көрөлү, жөжөнү күздө санайбыз дегендей, ишин убакыт көрсөтөт.

Би-Би-Си: Эгерде Исаков өкмөт башына келип калса, ал кандайдыр бир реформаларга барат деп күтсө болобу?

Сейтек Качкынбай: Буга чейин эксперттик чөйрөдө айтылган пикирлерден айтайын, бирок бул менин жеке оюм эмес. Бизде курсташчылык, жердешчилик деген күчтүүлүк кылат эмеспи. Сапар мырза өзүнүн курсташтарын, мурдагы тааныштарын жакшы колдойт деген пикир көп. Атап айтканда, Кыргызстан Эл аралык университетин бүтүргөн балдарды колдоп, элчиликтерге, кайсы бир эксперттик топторго тартып жүрөт деп айтылат. Мунун жакшы жагы деле бар. Балким потенциалдуу балдарга колдоо көрсөтүп жаткандыр, бул жагын эске алуу керек. Бирок, кайсы бир көлөмдүү реформаларга тиешелүү оюн же чоң маселерди чечүү жолдорун сунуштаганын көргөн эмесмин. Кечээ эле премьер-министр өз командасын көрсөткөн сүрөтүн жарыялады. Балким, бул кишилер Исаковдун кабинетинин мүчөлөрү болсо керек. Бул сүрөт менен таянак чыгара турган болсок, жаңы өзгөрүүлөр болот деп күткөн жокмун. Сапар мырза сентябрдан өкмөт башчылыкка келгенден кийин бир жарым ай өтүп президенттик шайлоо болуп жатат. Ким президент болорун азыр эч ким билбейт. Балким шайлоодо бийлик утулуп калаттыр. Эгер андай болсо бул команда алмашат. Утуп чыга турган болсо азыркыдай статусун улантышы мүмкүн. Бийлик стабилдүүлүк деген сөздү жакшы көрөт. Өнүкпөсөк деле мейли, өлкөдө тополоң эле болбосо болду дешет. Бул менин сөзүм эмес, Чыныбай Турсунбеков айтканы бар. "2013-2017-жылдагы өлкөнүн стратегиялык туруктуу өнүгүү планы" бар болчу, бирок ишке ашкан жок. Алгачкы бир жылда чоң реформалар болбосо, кийин өзгөрүүдөн үмүт кылбай эле коюш керек. Грузия, Сингапурду алып карайлык, реформалар бир жыл ичинде, чукул, чоң өзгөрүүлөрдү көрсө болот.

Тектеш темалар