Индиянын соту талак менен ажырашууга тыюу салды

аял Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Индиянын Жогорку Соту талак менен "бир көз ирмемде" ажырашып кетүү Баш мыйзамга каршы келет деп, мындай көрүнүшкө тыюу салган чечим чыгарды.

Талак менен ажырашууга тыюу салуу чакырыгы менен буга чейин активисттер кайрылуу жасап келишкен эле. Индиядагы мусулмандар арасында эркектер үч жолу талак айтып ажырашып кете алышат.

Сотко арыз менен адам укугун коргоо жаатында иш алып барган эки топ жана ушундай ажырашууну башынан өткөргөн беш мусулман аял кайрылган.

"Индиядагы мусулман аялдар 70 жылдан бери карай жабыркап келе жатышат. Бул биз үчүн тарыхый күн, бирок биздин тарыхыбыздын бүтүшү эмес. Бизди канчалаган индиялык аялдар колдоого алып турганын сиздерге жеткире албайм",-деди журналисттер алдында сүйлөгөн активист Закия Соман.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Индияда соңку мезгилде талак айтып ажырашуунун ар кандай жолдору жайылган. Айталы, эркектер телефон чалып же СМС, WhatsApp аркылуу эле үч жолу "талак" деп айтып ажырашкан учурлар көп катталган.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, айрым мусулман мамлекеттеринде, мисалы Пакистан менен Бангладеште үч жолу талак берип ажырашууга жол беришпейт.

Индиядагы чечимди "исламдын негизги принциптерине жана тең укуктуулукту камсыз кылган Баш мыйзамдын 14-беренесине каршы келип калды" деп сындап жатышат.(AbA)

Тектеш темалар